Газиантептин Сирия чек арасында коопсуздук чара көрүлдү

Газиантептин Сирия чек арасындагы кээ бир аймактар 15 күндүк мөөнөт менен «атайын коопсуздук аймак» деп жарыяланды

555987
Газиантептин Сирия чек арасында коопсуздук чара көрүлдү

Газиантептин Сирия чек арасындагы кээ бир аймактар 15 күндүк мөөнөт менен «атайын коопсуздук аймак» деп жарыяланды.

Газиантеп акимчилигинен берилген маалыматка караганда Сирия чек арасында коопсуздук абалын колдоо, жарандардын жан жана мал коопсуздугун ыктымалдуу коркунучтардан коргоо үчүн чара көрүлдү.

Ушунун негизинде Каркамыш районунун Бешкылыч – Түркюрдунун арасында калган Сирия аймагынын 3 -  сентябрь саат 17:00гө чейин 15 күндүк мөөнөт менен атайын коопсуздук аймагы деп жарыялоо чечимин чыгарды.

Маалыматта : «Атайын коопсуздук аймагы деп жарыяланган жерлерде түрдүү унаа жана кишинин кирип – чыгышынын текшерилүүсү, керек болгондо тыюу салуу жана керек болгондо коопсуздук чаралардын көрүлүшү облустук жандармерия командирлиги менен облустук коопсуздук директорлугу тарабынан аткарылат»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар