Орусиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы

Мария Захарова Түркия жана Орусиянын Сирия тууралуу оң иш алып баргандыгын айтты

554737
Орусиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова Түркия жана Орусиянын Сирия тууралуу оң иш алып баргандыгын айтты.

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова Москвада өткөргөн жумалык басма сөзгө маалымат берүү жыйынында Түркия менен Сирия темасында кенен иш алып баруунун башталгандыгын билдирди. Түркия менен Орусиянын көз караш айырмачылыктарынын бар экендигин айткан Захаров буларды билдирди : «Түркия менен Сирия тууралуу олуттуу көз караш айырмачылыктар бар. Муну сүйлөшүү жолу менен чечесиздер же бир бириңиздерди угууну тандашыңыздар керек. Азыркы учурда биринчи жол ишке ашууда. Сирия тууралуу пикир айырмачылыктарыбыздын бир күндө чечилиши мүмкүн эмес. Бирок оң деп тапкан ишти алып баруудабыз. Бул иш ар башка платформаларда улантылат».

Түркияда болгон террордук кол салууларда каза болгондор үчүн көңүл айткан Захарова жаралуулардын бат айыгып кетүүсүн каалады.



Тектеш кабарлар