Террорго каршы чыгуу

Террордук уюм ПККнын Элазыг, Ван жана Битлисте ишке ашырган кол салуусуна мамлекеттин жогорку мартабалуу кызматкерлери каршы чыгышты

554704
Террорго каршы чыгуу

 Террордук уюм ПККнын Элазыг, Ван жана Битлисте ишке ашырган кол салуусуна мамлекеттин жогорку мартабалуу кызматкерлери каршы чыгышты.

Президент Р. Т. Эрдоган Элазыг облустук коопсуздук директорлугуна жасалган террордук кол салуу тууралуу жетекчилерден маалымат алды. Президенттик булактарынан алынган маалыматка караганда президент Эрдоган кол салуу кабарынан кийин кезеги менен Элазыг  губернатору Мурат Зорлуоглу, премьер – министр Бинали Йылдырым жана башкы штабдын төрагасы армиянын генералы Хулуси Акар менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Эрдоган кол салууда шейит болгон полициялар үчүн көңүл айтып, жаралуулардын бат айыгып кетүүсүн каалады.

Премьер – министр Бинали Йылдырым Элазыгда коопсуздук директорлугуна карата террордук кол салуудан кийин аймакка барып, иликтөөлөрдү жүргүздү. Бинали Йылдырым : « 15 -  июлда болгон ийгиликсиз козголоң кыймылынан кийин ФЕТӨ эми милдетин террордук уюмга өткөрүп берди»,- деди.

Бир тараптан өнүгүү министри Лютфү Элван Европа Биримдиги министри Өмер Челик жана адилеттик министри Бекир Боздаг кол салууну катуу сөздөр менен айыптады.

Социалдык медиа эсебинен билдирүү жарыялаган өнүгүү министри Лютфү Элван : «ФЕТӨнүн эгизи террордук уюм ПКК кандуу кол салууларын улантууда, алган буйруктары менен кол салууларды жасап жатышат»,- деди.

Европа Биримдиги министри Өмер Челик болсо : «Кайгыбыз абдан чоң, бул өлкөнүн террордук жолдор менен багынтууга уруксат бербейбиз»,- деди.

Республикалык элдик партиясынын лидери Кемал Кылычдароглу да Элазыгда болгон бомбалуу кол салуудан кийин берген маалыматында террорду бүтүрүү үчүн өкмөткө бардык колдоону берүүгө даяр экендерин айтты.  



Тектеш кабарлар