Чавушоглунун телефондогу дипломатиясы

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу бир канча кесиптеши менен телефон аркылуу байланышып пикир алмашты.

552815
Чавушоглунун телефондогу дипломатиясы

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Эстония жана Сенегалдан кесиптештери менен катар Европа Парламентинин тышкы байланыштар комитетинин башчысы Элмар Брок менен өз-өзүнчө телефон аркылуу байланышып сүйлөшүү өткөрдү.

Дипломатиялык маалымат булактарынан алынган маалыматка караганда Чавушоглу, сүйлөшүүлөрдү кесиптештеринин талаптары боюнча аткарды.

Чавушоглунун Эстониянын тышкы иштер министри Марина Калжуранд менен сүйлөшүүсүндө алдыдагы мезгилге байланыштуу сапар календары, Түркия-Европа Консейи жана Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштары каралса, Сенегалдын тышкы иштер министри Манкенур Ндиайе менен эки тараптуу карым-катнаштар туурасында пикир алмашты.

Мевлүт Чавушоглу Европа Парламентинин тышкы байланыштар комитетинин башчысы Элмар Брок менен болгон сүйлөшүүсүндө болсо Фетуллахчы террор уюму, параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы чыккынчылык төңкөрүш аракети жана андан кийинки чара көрүүлөр менен ФЕТӨнүн түзүлүшү тууралуу маалымат берди.

Чавушоглу бул процессте Европа тарабынан Түркияга багытталган негизсиз сындоолордон тынчсыздангандарын билдирип, өзгөчө Европа басма сөзүндө орун алган бир жактуу кабарлардын чындыкты чагылдырбаганын айтты.

Телефондогу сүйлөшүүдө келечектеги сапар календары да каралды.



Тектеш кабарлар