Бул мамлекет укук мамлекети бойдон калат

Эрдоган Президенттик комплексинде Түркия адвокаттар биримдигинин башчысы Метин Фейзиоглу жана аны коштогон делегацияны кабыл алды.

553192
Бул мамлекет укук мамлекети бойдон калат

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын укук мамлекети катары калышын уланта турганын айтты.Эрдоган Президенттик комплексинде Түркия адвокаттар биримдигинин башчысы Метин Фейзиоглу жана аны коштогон делегацияны кабыл алды.

Эрдоган бул жердеги сөзүндө «ФЕТУЛЛАХЧЫ ТЕРРОР УЮМУ, ПАРАЛЛЕЛЬ МАМЛЕКЕТТИК ТҮЗҮМҮНҮН (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетинде улуттун, эч бир айырмачылык кылбастан көтөрүлгөнүн, окторго төшүн тосконун айтты.

Төңкөрүшчүлөргө каршы күрөштүн укук мамлектинин чектеринде жүргүзүлгөнүн баса белгилеген Эрдоган: «Адвокат башчыларыбыз ушуга ишенип коюшсун. Түркия бир укук мамлекети болуп саналат жана укук мамлекети катары калышын улантат. Өлкөбүзгө жана  улутубузга согуш жарыялаган төңкөрүшчүлөргө каршы күрөштө, алгачкы учурдан баштап укук мамлекетинин чектеринде жүргүзүлдү. 15-июль түнү төңкөрүшчүлөргө каршы улутубуз жана коопсуздук күчтөрүбүз, прокурорлор, судьялары менен кошо укук органдарыбыз да чыкты».

Түрк улутунун 15-июль түнү тарыхый сыноодон өткөнүн айткан Эрдоган: «15-июль түнү 79 миллион түрк улуту толугу менен сынактан өттү. Бул сыймыктандыруучу көрүнүшкө эч кимдин көлөкө түшүрүү укугу жок»,-деди.

Эрдоган түрк кылкынын төңкөрүшкө каршы чечкиндүү мамиле көрсөткөнүн белгилеп: «Төңкөрүшчүлөр канчалык абийирсиз, ахлаксыз, канкор, келесоо болсо улутубуз ошончолук асыл, акыл-эстүү, тайманбас, чечкиндүү мамиле көрсөттү. Бул улутка урмат сый гана жарашат. Бул улутту канчалык урматтасак да аздык кылат»,-деп айтты.

Түркиянын көп жылдар бою бузукулуктарга учураганына көңүл бурган Эрдоган: «Бүгүн артка кылчайып караганыбызда Түркиянын көп жылдар бою жалгандар , жалаа жабуулар, бурмалоолор, бош сөздөр, кастык менен өлкөсүн жана мамлекетин коргоп чыкканын айткан жасалма тандамалдардын бузукулуктарына дуушар болгонун байкадык. Ал эми 15-июль түнү төңкөрүшчү террористтердин куралдары өлүм куса баштаганда бул бузукулардын эч бири аянтта жок эле. Көчөлөрдү, аянттарды толтургандар танкалардын астына жаткандар, окторго төшүн тсокондор тандамалдар эмес бул өлкөнүн орточо атуулдары болчу»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар