Өлкөдө демократия нөөмөттөрү уланууда

Өлкө боюнча бүткүл жарандар ФЕТӨнүн 15-июлдагы төңкөрүш аракетине каршылыгын көрсөтүш үчүн нөөмөткө турууну улантууда.

548175
Өлкөдө демократия нөөмөттөрү уланууда
Meydanlardaki demokrasi nöbeti sürüyor2.jpg
Meydanlardaki demokrasi nöbeti sürüyor1.jpg

Өлкө боюнча бүткүл жарандар Фетуллахчы террор уюму параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетине каршылыгын көрсөтүш үчүн нөөмөткө турууну улантууда.

Анкарада кечээ да аял-эркек, жаш-кары дебей миңдеген атуул Кызылай аянтына топтолушуп, «демократия нөөмөтүнө» катышышты.

Анкара мэриясынын «Мехтер» тобунун шоу-көрсөтүүсү элди шаңдантып, делебесин козгоду. Ал эми атуулдар Түркия желектерин,  түрк жана англис тилдеринде жазылган плакаттарды көтөрүп жүрүштү.

Президенттик комплекстин алдына орнотулган чоң экрандардан төңкөрүш аракети болгон түндөгү кадрларды көргөн атуулдар «Шейиттер өлбөйт, өлкө бөлүнбөйт» деп ураан чакырышты.

Стамбулдун Таксим аянтында чогулган миңдеген атуул Бейоглу муниципалитети тарабынан курулган «демократия трибунасында» ойнолгон гимн менен ырларды алар менен кошо ырдашты.

«Тик тур, ийилбе, элиң сени менен бирге» деп байма-бай кыйкырган атуулдарга аянтта орнотулган чоң экрандардан төңкөрүш аракетинде шейит болгон жана да ардагер болгон атуулдардын сүрөт слайд-шоусу көрсөтүлдү.

15-июлдан бүгүнкү күнгө чейин ар кечте Измирдин Конак аянтынтында чогулган эл колдорундагы түрк желектери менен ыр-гимндерди кошулуп ырдашты.

«Өлсөк да адамдай өлөлү», «81 облуста нөөмөттөбүз» деп жазылган плакаттар жайнаган демократия нөөмөтүндө өлкө башчысы Режеп Таййип Эрдоган менен премьер-министр Бинали Йылдырымдын сүйлөгөн сөздөрү жана да 15-июлдагы төңкөрүш аракетине тиешелүү көрүнүштөр чоң экрандарда чагылдырылды.

Батман шаарында түрк желектери менен кооздолгон Адилет көчөсүндө чогулган атуулдардын «демократия нөөмөтү» уланууда.

Куран сүрөөлөрү окулушу менен башталган иш-чара түркчө, күртчө жана арабча мистикалык ырлардын коштоосу менен улантылды.

Гиресун аймагынын атуулдару «Ататүрк» аянтындагы демократия нөөмөтүн улантууда. Бейөкмөт уюмдар болсо аянтка тиккен чатырларында нөөмөттөрүн өтөп жатышат.



Тектеш кабарлар