Коопсуздук жыйыны

Премьер – министр Бинали Йылдырымдын жетекчилигинде атайын коопсуздук жыйыны өткөрүлдү

546371
Коопсуздук жыйыны

Премьер – министр Бинали Йылдырымдын жетекчилигинде атайын коопсуздук жыйыны өткөрүлдү. Премьер – министрликтин расмий турак жайындагы жыйынга башкы штабдын төрагасы армиянын генералы Хулуси Акар, тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу, ички иштер министри Эфкан Ала, Улуттук коргоо министри Фикри Ышык, адилеттик министри Бекир Боздаг, Улуттук чалгындоо уюмунун кеңешчиси Хакан Фидан, жандармериянын командири армиянын генералы Яшар Гүлер жана коопсуздук директору Желалеттин Лекесиз катышты.

Үч саатка жакын созулган жыйында негизги күн тартип маселеси Стамбул Йеникапыда өткөрүлө турган «Демократия жана шейиттер» митинги болду. Президент Р. Т. Эрдоган жана үч саясий партиянын лидерлери катыша турган митингде коопсуздук чаралары жогорку деңгээлде болот. Ыктымалдуу коркутууларга каршы көрүлө турган чаралар жыйында кенен түрдө каралды.

Башка бир күн тартип беренеси да Фетуллахчы террордук уюмунун параллель мамлекеттик түзүмүнүн 15 -  июлдагы козголоң кыймылынан кийин ФЕТӨ менен күрөштө таштала турган кадамдар болду. ФЕТӨ тууралуу өлкө ичи жана өлкө тышынан келиши мүмкүн болгон коркутууларга карата көрүлө турган чаралар сөз болду.

Бул маанилүү жыйында акыркы күн тартип беренеси да террордук уюмдар ПКК жана ДЕАШка каршы жүргүзүлгөн күрөш болду.

 



Тектеш кабарлар