Сирия маселесине саясий чечим табылышы керек
Чавушоглу Халеб шаарындагы кол салуулардын дароо токтотулушу боюнча чакырыгын кайталады.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Сириянын оппозициясынан Сүйлөшүү боюнча жогорку комитетинин төрагасы Рияд Хижаб жана Сириянын оппозициячыл жана төңкөрүшчүл күчтөр улуттук коалициясынын төрагасы Энес эл-Абдени Тышкы иштер министрлигинин резиденциясында кабыл алды.
Кабыл алууда, Сирия маселесине саясий чечим табылышы жөнүндөгү аракеттер менен Халеб баштаган Сириядагы акыркы абал каралды.
Чавушоглу анда Халеб шаарындагы кол салуулардын дароо токтотулушу боюнча чакырыгын кайталады.
Сирия кризисине байланыштуу кесиптештери менен болгон сүйлөшүүлөрү туурасында Хижаб жана Абдеге маалымат берген Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын Сирия калкына колдоосунун улана турганын белгилеп кетти.
Тектеш кабарлар
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.