Дүйнө жаштарынан козголоңго каршы орток билдирүү

40 өлкөнүн жаштары Түркиядагы 15 -  июль козголоң кыймылына орток билдирүү менен каршы чыгышты

543177
Дүйнө жаштарынан козголоңго каршы орток билдирүү

 

 

БУУнун Дүйнөлүк адамзаттык саммитинин жаштар кеңеши жана Стамбул мэриясынын жаштар парламентинин төрагасы Самед Агырбаштын чакыруусу менен 40 башка өлкөнүн өкүлдөрү менен кээ бир студенттер Фетуллахчы террордук уюмдун параллель мамлекеттик түзүмүнүн 15 -  июлдагы козголоң кыймылына каршы орток билдирүү жарыялады.

Жаштык парламентинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Түркия күчтүү турган сайын тарыхта болгондой бүгүн да жапа чеккендер үчүн үмүт болууну улантары белгиленди. Маалыматта дүйнөнүн ар башка өлкөлөрүнөн билим алуу үчүн Түркияга келген мусулман студенттер 15 -  июлда түрк улутунун эгемендик укуктарын  жок кылуу максатында ФЕТӨ тарабынан жасалган козголоң кыймылына күбө болушкандары айтылды.

«Биз, Түркияда окуган студенттер катары өлкөбүзгө кайтканыбызда президент Р. Т. Эрдогандын жол башчылыгындагы түрк калкынын тайманбастыгын өз кишилерибизге айтып беребиз жана бардык мусулмандар империалист күчтөргө каршы биримдик болууга чакырабыз. Түркияда билим алган эл аралык студенттер катары Түркия күчтүү болуп бутунда турган сайын  тарыхта болгондой бүгүнкү күндүн дүйнөсүндө да жапа чеккендер үчүн үмүт шамы болууну улантарына ишенебиз»,- деп айтылды маалыматта.



Тектеш кабарлар