Вице-премьер Шимшектин жообуна алып баруучу унчуга албай калды

Мехмет Шимшек CNN International каналынын программасына катышты

542615
Вице-премьер Шимшектин жообуна алып баруучу унчуга албай калды

Фетуллахчы террор уюмунун 15-июлдагы төңкөрүш аракетинин ишке ашпай калышына Батыш дүйнөсүнүн шаштысы кетти.

АКШда жогорку деңгээлдеги аскерлерден медиа жетекчилерине чейин кеңири тармакка жайылган ФЕТӨ достугу аныкталып жатканда, ачык түрдө «Шериктештерибиз камакка алынууда» дегендер да болду.

Акыркы жолу вице-премьер Мехмет Шимшек CNN International каналында программанын алып баруучусу Ричард Кюсттин ФЕТӨнүн төңкөрүш аракетинен кийин Түркиянын баштаткан операцияларын сындаган суроосуна туш болду.

Шимшектин бул жообуна алып баруучу унчуга албай калды: «Төңкөрүш үчүн көтөрүлгөн кишилер куралчан адамдар эле. Мамлекеттин тик учарлары, учактары жана куралдары менен мамлекеттин мекемелерин жана элдин өзүн аткылашты. Суранам сиз да ойлонуп көрүңүз, Американын конгресс имараты Американын тик учарлары менен аткыланса, Пентагон, Ак үй сыяктуу мекемелердин имараттары тик учарлар менен бомбаланса, сиз эмне кылат элеңиз?»



Тектеш кабарлар