Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу телефон аркылуу дипломатиясын улантууда

Ошол эле учурда Германиянын Анкарадагы элчиси  Мартин Эрдманн да 15 -  июлдагы козголоң кыймылында кол салууга учураган Түркия Парламентин зыярат кылды

540922
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу телефон аркылуу дипломатиясын улантууда

Чавушоглу Бахрейндин тышкы иштер министри Шейх Халит бин Ахмет бин Мухаммет Ел Халифе менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Бахрейн тарабынын талабы менен өткөн сүйлөшүүдө Ел Халифе 15 -  июлдагы козголоң кыймылынын негизинде Түркиядагы демократиялык процесске жана шайланган өкмөткө колдоо беришкендерин айтты. Министр Чавушоглу бахрейндик кесиптешине колдоосунан улам рахмат айтты. Сүйлөшүүдө айрыкча эки тараптуу карым – катнаштар менен алдыдагы мезгилдерде ишке ашырыла турган жогорку деңгээлдеги зыяраттардын күндөрүн карап чыгышты. Түркия – Булуң кызматташтык кеңешинин тышкы иштер министрлеринин бешинчи стратегиялык диалог жыйыны тууралуу да пикир алышууларда болушту.

Тышкы иштер министри Чавушоглу немис кесиптеши Франк-Вальтер Штайнмайер менен да телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Дипломатиялык булактардан алынган маалыматтарга караганда немис тарабынан келген талап боюнча өткөн сүйлөшүүдө Чавушоглу менен Штайнмайер эки тараптуу карым – катнаштарды да карап чыгышты.

Ошол эле учурда Германиянын Анкарадагы элчиси  Мартин Эрдманн да 15 -  июлдагы козголоң кыймылында кол салууга учураган Түркия Парламентин зыярат кылды. Элчини парламенттин адам укуктарын иликтөө комиссиясынын төрагасы Мустафа Йенероглу коштоду. Мартин Эрдманн зыяраттан кийин Германия элчилигинин расмий социалдык медиа эсебинен парламенттин фотографияларын жарыялады.

Элчи : «Парламент имараты сыяктуу бекем бир курулуштун Ф – 16 учактары  тарабынан талкалануусу ийгиликсиз болгон козголоң кыймылынын күчүн ортого салууда»,- деп жазды.



Тектеш кабарлар