Англиянын элчиси төңкөрүш аракетин айыптады

Ричард Мур террор окуяларында түрк полициясынын көрсөткөн баатырдыгынан мактоо менен сөз кылды.

541263
Англиянын элчиси төңкөрүш аракетин айыптады

Англиянын Анкарадагы элчиси Ричард Мур, коопсуздук башкы директору Желалеттин Лекесиздин кызмат орундугуна барып, 15-июлдагы төңкөрүш аракетине каршы күрөштө шейит болгон коопсуздук кызматкерлери үчүн көңүл айтты.

Алынган маалыматка караганда элчи Мур, Фетуллахчы террор уюму параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетин Англия өкмөтү жана өзү дагы катуу айыптаганын, төңкөрүш аракетинен кийин Түркияга эң биринчи келген чет элдик өкмөт өкүлүнүн Англиянын тышкы иштер министринин Америка жана Европа боюнча жооптуу орун басары Алан Дункан болгонун белгилеп кетти.

Англиянын ар дайым Түркияда демократиялык мекемелерди колдоого алганын айткан Мур, террор окуяларында түрк полициясынын көрсөткөн баатырдыгынан да мактоо менен сөз кылып, төңкөрүш аракетинен кийин Фетхие жана Мармариске барганда полициялардын туристтердин коопсуздугун камсыздоо үчүн көрсөткөн кылдаттык жана аракетине ыраазы болгонун айтты.



Тектеш кабарлар