Сирия чек арасында кагылышуу

Чек арада чаралар күчтөндүрүлүп, коопсуздук күчтөрү  жарандарды чек арага жакын жерлерге келбөө боюнча эскертишти

539180
Сирия чек арасында кагылышуу

Газиантептин Каркамыш районунда Сирия чек арасында кызмат кылган коопсуздук күчтөрүнө террордук уюм ДЕАШ тарабынан ок атылды.

Аймактагы коопсуздук булактардан алынган маалыматка караганда ДЕАШтын Түркияга карата ыктымалдуу кол салууларына тоскоол болуу жана чек ара коопсуздугун түзүү менен милдеттендирилген коопсуздук күчтөрү Каркамыш районунун Кывыржык мааласынын жакынарында чек аранын Сирия тарабынан өлкөгө мыйзам тышы жолдор менен кирүүгө аракет кылган бир группаны байкап калган.

Коопсуздук күчтөрү ДЕАШ мүчөсү экени аныкталган бул кишилерге токто деген эскертүү берген. Ушул боюнча террористтер  террордук уюмдун текшерүүсү астындагы чек аранын Халептин Жераблус районунун жакындарынан коопсуздук күчтөрүнө ок атты. Аскерлердин ок атууга жооп берүүсү менен кагылышуу чыкты. 30 минутага созулган кагылышуудан улам чек арада чаралар күчтөндүрүлүп, коопсуздук күчтөрү  жарандарды чек арага жакын жерлерге келбөө боюнча эскертишти.



Тектеш кабарлар