Төңкөрүш аракетине байланыштуу канча киши камакка алынды?

Ички иштер министри маалымат берди

538837
Төңкөрүш аракетине байланыштуу канча киши камакка алынды?

Ички иштер министри Эфкан Ала төңкөрүш аракетинен кийин 8 миң 113 кишинин камакка алынгандыгын маалымдады.

Төңкөрүш аракетине байланыштуу сурак жана камакка алуулар тууралуу менчик телеканалга маалымат берген ички иштер министри Эфкан Ала 178и генерал-адмирал, 2 миң 728и офицер, 7 миң 106сы башка бөлүмдөрдөн болуп жалпы 10 миң 12 аскердин суракка алынгандыгын билдирди.

151и генерал, 1 миң 656сы офицерден турган 5 миң 266 аскер камакка алынды.

Коопсуздук кызматында 2 миң 901 полиция суракка алынып, 1 миң 19у камакка алынды.

2 миң 167 судья жана прокурор суракка алынган териштирүүдө, 1 миң 684 судья жана прокурор камакка алынды.

Министр Эфкан, бул ишти жасагандардын жазаландырылышы жана коркунучтун жоюлушу үчүн чара көрүүлөрдүн уланып жатканын да айтты.



Тектеш кабарлар