113 жаштагы чоң эне "демократия үчүн күзөттө" турду

«Демократия күзөтүнө» Тургутлу районунда жашаган 113 жаштагы Айше Карабүбер да катышты

537975
113 жаштагы чоң эне "демократия үчүн күзөттө" турду

Фетуллахчы террордук уюмдун 15 -  июлдагы козголоң кыйымылына карышылык көрсөтүү үчүн улантылып жаткан «демократия күзөтүнө» Тургутлу районунда жашаган 113 жаштагы Айше Карабүбер да катышты. Балдары менен «демократия күзөтү» үчүн 50 – Йыл аянтына келген Карабүбер дөңгөлөктүү отургуч менен платформанын алдына чыгарылды.  Колунда түрк байрагы, мойнундагы президент Р. Т. Эрдогандын сүрөтү менен көңүлдөрдү бурган Карабүбер мекен үчүн дуа кылгандыгын айтты.

Карабүбер козголоңдун өлкөдөн эмнелерди аларын жакшы билгендигин белгилеп мындай деди : «Президентибиз Р. Т. Эрдоган жана коштоосундагы мамлекеттин жогорку кызматкерлери үчүн дуа кылам. Мамлекетибиздин  жана жетекчилерибиздин өмүрү узун болсун. Мен болгон бардык козголоңдорду, катуу тариптин баарын көрдүм. Ал учурларда элдин эмнелерди жашагандыгын жакшы билемин. Алла мындай нерсени дагы бир жолу көрсөтпөсүн. Мындай козголоңдорду көрсөтүүсүн каалабаганым үчүн балдарымдан мени бул жерге алып келишин сурандым». Аянтта бир саат болгон Карабүберди балдары кайрадан унаалары менен үйүнө алып барышты.



Тектеш кабарлар