Төңкөрүш аракетине байланыштуу териштирүү кеңейүүдө
ФЕТӨ менен байланышы болгон журналист жана академиктер камакка алынды.
![Төңкөрүш аракетине байланыштуу териштирүү кеңейүүдө](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/7e85/6d3b/c913/5795c2ac6fc6e.jpg?time=1719126855)
Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨнүн 15-июлдагы төңкөрүш аракетине байланыштуу териштирүү кеңейүүдө.
Териштирүүнүн алкагында Стамбул Республикалык прокурордугу Террордук кылмыштар кеңсесинин талабы боюнча ФЕТӨ менен байланышы болгондугу белгиленген 42 журналисти камакка алуу чечимин чыгарды.
Бул учурда териштирүүнүн алкагында Стамбул, Текирдаг, Кожаэли, Денизли жана Кыркларелинде бир учурда жүргүзүлгөн операцияларда арасында профессорлор да болгон 31 академик камакка алынды.
Шектүүлөрдүн өздүк документтери жана университеттеги бөлмөлөрүндө жүргүзүлгөн тинтүүлөрдө, уюмга таандык көп сандаган документ табылды.
Стамбул университетинде мындан мурда 105 академик кызматтан бошотулган болчу.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719126856)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.