Өлкөдө кармоолор жана камоолор уланууда

Фетуллахчы террор уюмуна (ФЕТӨ) карай өлкөнүн жалпысында операциялар уланууда.

536054
Өлкөдө кармоолор жана камоолор уланууда

Фетуллахчы террор уюмуна (ФЕТӨ) карай операциялардын алкагында өлкөнүн жалпысында кармоолор жана камактар уланууда.

Операцияларда 2 райондун жандермерия командири менен 8 аскер кармалып кетти. 15 аскер менен 3 аскердик судья камакка алынды.

Коньяда 3, Кайсериде 2, Бартын, Нигде жана Ыспартада 1ден губернатор орун басарлары камакка алынды.

Коопсуздукта болсо арасында даражасы барлар да болгон 109 полиция кызматтан четтетилди.

263 мамлекеттик кызматкер кызматтан четтетилди. 14 окутуучу кармалды. 8 контракт менен иштеген кызматкер иштен чыгарылды.

Бир тараптан параллель түзүлүш менен байланышы болгону себеби менен 9 киши кармалды. Арасында Газиантеп борборлуу холдингдин башкаруучулары да орун алган 14 киши камакка алынды. 16 киши үчүн да кармоо өкүмү чыгарылды.

Буга кошумча Анкаранын Республикалык башкы прокурорлугунун ФЕТӨнүн төңкөрүш аракетинен кийин баштаткан териштирүүнүн алкагында прокуратуранын териштирүүлөрү бүтүрүлүп, нөөмөттөгү кылмыш жаза сотуна өткөрүлгөн 17 судья жана прокурор туурасында да камоо чечими чыкты.

Стамбулда да Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) төңкөрүш аракетинен кийин судьялар жана прокурорлор туурасында баштатылган териштирүүнүн алкагында 218 киши кармалды.



Тектеш кабарлар