ПККга мүчө террористтерге карай операция жүргүзүлдү

Операцияда үч полиция шейит болуп, бир полиция жаракат алды.

534880
ПККга мүчө террористтерге карай операция жүргүзүлдү

Диярбакырдын Эргани районунда террордук уюм ПККга мүчө террористтерге карай операцияда үч полиция шейит болуп, бир полиция жаракат алды.

Коопсуздук күчтөрү, ПККлык террористтердин чогулган үйү катары колдонгону белгиленген жерге операция жүргүздү.

Операцияда террористтердин аткан огунан эки полиция шейит болуп, эки полиция жаракат алды. Полициялардын жооп кайтарышынан келип чыккан кагылышууда бир террорист жок кылынды.

Эрганидеги мамлекеттик ооруканага жаткырылган эки полициянын бири бардык аракетке карабастан шейит болду.

Жарандардын зыян тартпашы үчүн айланадагы айрым үйлөр бошотулган аймакта кагылышуулар уланып жатат.



Тектеш кабарлар