Расмий эмес социалдык тармактагы бөлүшүүлөргө ишенбегиле

Ички иштер министрлиги жана Президенттиктин социалдык тармак боюнча жарыясы.

531616
Расмий эмес социалдык тармактагы бөлүшүүлөргө ишенбегиле

Ички иштер министрлиги социалдык медиа тармагында  бөлүүчүлүккө себеп боло турган бөлүштүрүүлөргө каршы эскертүү жарыялады.

Министрликтин жарыясында, «Социалдык медиа аркылуу жасалган айрым берүүлөрдө, атуулдарыбыздын арасында бөлүүчүлүккө себеп болуучу билдирүүлөр бар»,делди.

Министрлик бул бөлүшүүлөрдүн чындыкка жатпаган жана чагымчылык киришүүлөрү болгонун баса белгиледи.

Ички иштер министрлиги коомчулукта баш аламандык кылууга жана элди бөлүп жарууга карай жасалган ушундай бөлүшүүлөргө көңүл бурбоо керектигин баса белгиледи.

Бул учурда Президенттиктин расмий твиттер эсебинен жасалган жарыяда, социалдык медиада Президенттик адрес катары көрсөтүлүп маалымат бурмалоосуна каршы кылдат болуу жана расмий эсеп менен интернет барагынан тышкары булактарга ишенбөө керектигин жарыялады.



Тектеш кабарлар