Фетуллах Гүлендин кайтарылышына мыйзамдык тоскоолдук калган жок

Буга дейре саясий көз караштарына кайрылып, далил сурап келген АКШ эми эмне сурайт болду экен?

532114
Фетуллах Гүлендин кайтарылышына мыйзамдык тоскоолдук калган жок

Террор уюму ФЕТӨнүн корбашчысы Фетуллах Гүлендин Америка Кошмо Штаттарынан кайтарылышы үчүн мыйзамдык тоскоолдук калган жок.

Гүлендин, Түркия менен АКШнын ортосунда кылмышкерлердин кайтарылышы келишиминде орун алган, «Бир мамлекет башчысына же өкмөт башчысына же үй-бүлө мүчөлөрүнөн бирөөнө каршы жасалган же жасалууга аракет кылынган бир кылмыш, саясий мүнөздөгү кылмыш болуп эсептелбейт» деген беренеге ылайык Түркияга кайтарылып берилиши керек.

Премьер-министр Бинали Йылдырым да бүгүн Министрлер кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө, «Бир мамлекетти жок кылууга аракет кылган уюмдун мүчөлөрү жана ага буй рук берген бир киши турганда досторубуз дагы эле бизге далил көрсөткүлө деп жатса, биз таарынып калабыз. Мындай богондо да достугубуздун суракка алынышы күн тартипке келиши мүмкүн. Бардык нерсеге карабастан бардык документер үчүн Адилет министрлигибиз керектүү иштерди жасоодо»,-деди.

Эки өлкөнүн арасында 1979-жылы 7-июнда кол коюлган, 1981-жылы 1-январда күчүнө кирген «Америка Кошмо Штаттары менен Түркия Республикасынын Конституциясында кылмышкерлердин кайтарылышы жана жаза иштеринде өз ара жардамдашуу» келишими, кылмышкерлердин кайтарылышы тууралуу өкүмдөрдү жөнгө салып турат.

Келишимдин «Четке кагуу шарттары» темалуу 3-беренесинин (а) бабындагы «Бир мамлекет башчысына же өкмөт башчысына же үй-бүлө мүчөлөрүнөн бирөөнө каршы жасалган же жасалууга аракет кылынган бир кылмыш, саясий мүнөздөгү кылмыш болуп эсептелбейт» деген жери, корбашы Гүлендин эми саясий кылмышкер катары каралбай турганын ортого салып турат.

Учурубузга дейре кайтарылып берилбөө процессинде тез-тез «саясий көз караштарына» кайрылган ФЕТӨнүн корбашчысы Гүлендин «ийгиликсиз аскердик төңкөрүш аракетинин лидери» болушу, эми мыйзамдык платформада кайтарылышынын жолундагы мыйзамдык себептерди четке кагат.

Анкара республикалык прокуратурасында «Фетуллахчы террор уюму/ Параллель мамлекттик түзүлүшүнө» (ФЕТӨ/ПДЙ) карай негизги териштирүүнүн шектүүсү Фетуллах Гүлендин кайтарылышы үчүн даярдалган дело, бир канча күн мурда АКШнын укук органдарына тапшырылышы үчүн Адилет министрлигине жиберилди.

 



Тектеш кабарлар