Башкы штабдын жарыясы
Жарыяда «Чыккынчылардын аракети максатына жете электе токтотулду. Чыккынчыларга бөгөт коюуда эң чоң роль улуу улутубузга таандык»,деп айтылды.
Төңкөрүш аракетинен кийин Башкы штабдан алгачкы расмий жарыя жасалды. «Мамлекеттин жана улуу улуттун буйругундабыз» деген жарыяда, «Чыккынчылардын аракети максатына жете электе токтотулду. Чыккынчыларга бөгөт коюуда эң чоң роль улуу улутубузга таандык»,деп айтылды.
Анда: «2016-жылдын 15-июлунда түн ичинде Түрк куралдуу күчтөрүнүн ичинде чогулган мыйзамсыз банданын мүчөлөрү болгон террорист чыккынчылардын киришүүлөрү Түрк куралдуу күчтөрүнүн баатыр мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн дароо каршылык көрсөтүүсү жана баатыр коопсуздук кызматкерлерибиздин да бул темада көрсөткөн чечкиндүүлүгү менен четке кагылды жана чыккынчылар максаттарына жете албай четке кагылды. Төңкөрүш аракети башталгандан дароо кийин окуяны уккан кадырлуу калкыбыз өз боорунан чыккан Түрк куралдуу күчтөрүнүн чыныгы балдарын коргоо жана демократиялык укук системабызга урула турган соккуга бөгөт коюу максаты менен көчөлөргө чыкты. Бул чыккынчыларга керектүү эң сонун жана эң чоң сабакты берди. Бул мыкаачылык киришүүгө бөгөт коюлушундагы эң чоң роль улуу улутубуздуку болуп саналат. Мыйзамсыз түзүлүшкө мүчө төңкөрүшсүлөр ушул учурдан баштап таасирин жоготту жана укук системасынын ичинде тийиштүү эң оор жазаларын алат», делди.
Тектеш кабарлар
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.