Премьер - министр ИзмирдеПККга жардам бергендерди эскертти

Бинали Йылдырым майрамдардын бир туугандыкты бекемдей тургандыгын айтты

524439
Премьер - министр ИзмирдеПККга жардам бергендерди эскертти

Премьер – министр Бинали Йылдырым батыштык өлкөлөрдү террордук уюм ПККга жардам бергени менен ПККнын аларга да кол салары боюнча эскертти.

Премьер – министр Измирде Адилеттик жана өнүгүү партиясынын майрамдашуу аземинде сүйлөгөн сөзүндө майрамдын бир туугандыкты бекемдей тургандыгын баса белгиледи. Йылдырым Түркия күчтүү боюнча калуусу үчүн ичкериде жана тышта достуктарын арттырарын баса белгиледи.

Террордук уюм ПКК менен болгон ийгиликтүү күрөштү жана уюмдун тышкы байланыштарына да токтолгон Йылдырым : «Шаарларды тазаладык.  Эми элет жерлери калды. Бул колу кандуу террористтердин жонун сылагандарды да билебиз. Аларды да иликтөөдөбүз. Аларга жардам бергендерге да кайрыламын. Бул от сиздерди да өрттөйт. ПККнын да ЙПГнин алардын уландысы болгон бардык уюмдардын күнү бүтөт»,- деди.

 



Тектеш кабарлар