Президент Эрдоган маалымат берди

Эрдоган майрам намазын Стамбул Аташехирдеги Мимар Синан мечитинде окуду

524010
Президент Эрдоган маалымат берди

 Президент Р. Т. Эрдоган террор менен күрөшүүнүн улантыларын айтты. Эрдоган майрам намазын Стамбул Аташехирдеги Мимар Синан мечитинде окуду. Майрам намазынан кийин журналисттерге маалымат берген Эрдоган күн тартибиндеги темаларга токтолду. Ататүрк аэропортундагы  террордук кол салуу тууралуу акыркы камоолор менен бирге камалган кишилердин санынын отузга жеткендигин баса белгиледи. Кол салууну жасагандардын күбөлүктөрүн да билдирген Эрдоган : «Дагестандан бар, Кыргызстандан бар, Тажикстандан бар. Тактап айтканда коңшу түндүк Кавказ өлкөлөрүнөн болгондор тилекке каршы бул иштин ичинде. Окуя албетте ДЕАШтын негизинде, ошолордун методдору менен иштеген процесс. Бул тууралуу катуу иликтөө жүргүзүүдөбүз»,- деди.

Орусия менен карым – катнаштарга да токтолгон президент Эрдоган Орусиянын президенти Путин менен чоң жыйырмалар саммитинен мурда Сочиде жолугушу мүмкүн экендигин айтты. Эрдоган  Египет менен карым – катнаштар тууралуу : «Египеттик бир туугандарыбыз менен маселебиз жок. Маселе лидерлеринде»,- деди.

Сауд Аравияда жасалган кол салууга да токтолгон Эрдоган : «Кол салуунун кимдер тарабынан жасалгандыгы тактала элек, бирок абдан чоң апаат да болушу мүмкүн эле. Кудай сактады»,- деди.



Тектеш кабарлар