Сириялыктарга Түркия жарандыгы берилет

Президент Эрдоган Килистеги ифтарга катышты

523089
Сириялыктарга Түркия жарандыгы берилет

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиядагы сириялыктарга жарандык сүйүнчүсүн берди. Килисте сириялыктар да катышкан  ифтарда сөз сүйлөгөн президент Эрдоган : «Түркия республикасынын жараны болууну каалагандардын бар экенине ишенем.   Бул тууралуу ички иштер министрлигибиздин  таштаган кадамдары бар. Аларга жарандык мүмкүнчүлүгүн беребиз»,- деди.

Түркиянын Сирия саясатынын алты жыл мурункусу менен бирдей экендигин белгилеген президент Асадды сынга алды. Эрдоган Асад менен үй – бүлө катары жолугушкандарын эске салуу менен : «Атаң сыяктуу болбойсуң дегенде күлүп койчу, көрсө эки дүйнөсү бар экен, чыныгы дүйнөсүн бизден жашырыптыр. Алты жылдын ичинде чыныгы дүйнөсү ортого чыкты»,- деди.

Туулган жерлеринен, үйлөрүнөн ажыраган сириялыктардын санынын 5 миллионго жеткендигин, мунун 3 миллионго жакынынын ирактыктар экендигин белгилеген Эрдоган Килистин сириялыктарды конок кылып жаткандыгын айтты.

Сирия меселесинин чечилүүсү үчүн батышка жана бүткүл дүйнөгө бул отту өчүрүүгө чакырган президент Эрдоган : «Жасалуусу керек болгон нерсе, Сирия калкынын күтүүлөрүн камсыз кыла турган жаңы бир конституция жана жаңы бир башкаруунун ылдам түзүлүшү»,- деди. 

Эрдоган Түркиянын 35 жылдан бери келе жаткан террор менен күрөшүнүн чечкиндүүлүк менен улантыларын белгиледи.

 



Тектеш кабарлар