Түркия-Израиль макулдашуусу Палестина менен кеңешилип жүргүзүлдү

Президент Эрдоган Президенттик комплексинде соодагер жана атуулдар менен жолукту.

519649
Түркия-Израиль макулдашуусу Палестина менен кеңешилип жүргүзүлдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркия-Израиль меморандумун Палестина менен кеңешип жүргүзгөндөрүн айтты.

Президент Эрдоган Президенттик комплексинде соодагер жана атуулдар менен жолукту.

Эрдоган бул жердеги сөзүндө Түркия менен Израилдин ортосунда жетишилген меморандум тууралуу сөз кылып, «Жекшемби күнү урматтуу Аббас менен жума күнү болсо урматтуу Халит Мешал менен сүйлөшүп бул кадамдарды таштадык. Алар дагы бул жылышты оң деп баалашты жана биз да жолубузду уланттык»,-деди.

«Биз ушул убакка дейре палестиналыктардын  укук жана акыларына зыян тийгизе турган кадам таштабадык жана ошондой эле «Мави Мармара» шейиттеринин рухтарына доо кетире турган эч бир шартты, эч бир мажбурлоону эч качан кабыл алган жокпуз, кабыл албайбыз да»,-деп айткан Эрдоган, Газадагы палестиналыктарды дем алдыра турган, абдан көп жылдар бою тарткан азаптарын оңдой турган кадамдарды ылдам түрдө таштай тургандарын билдирди.

Жума күнү алгачкы гуманитардык жардам кемесинин жол тарта турганын жана Ашдод портуна жете турганын белгилеген Эрдоган, бул жардамдардын Газа тилкесине тапшырылышы менен палестиналык туугандарыбыздын, экинчи майрамды жашай тургандарын белгилеп кетти.

Түркия менен Израилдин ортосундагы меморандум менен Газа тилкесине ар түрдүү жардамдын жеткириле турганын сөз кылган Президент: «»Азык-түлүк, саламатытк сактоо, турак жай сыяктуу негизги муктаждыктар сыяктуу бардык тармакта Газага Түркия аркылуу жардам жеткириле алат. Бул майрамдын алдында кеме менен14 миң тонналык азык-түлүк, кийим, бут кийимден турган ушул сыяыктуу буюмдарды Мерсинден чыгарып Газага жеткиребиз»,-деди.

Орусия менен болгон учак кризисинин терстиктерин жок кылууга карата кадам таштагандарына да көңүл бурган Эрдоган, сөздөрүн мындай улантты: «Орусия менен карым-катнаштарыбызды кайрадан өнүктүрүү темасында жиберген катым менен жетишилген макулдашуунун эки өлкөгө тең пайдалуу болооруна ишенүүдөмүн. Урматтуу Путинге жиберген кат менен ага бул жагдайга капа болгонумду билдирдим, ошондой эле кеңири аянтта аткара ала турганыбыз кызматташууларды эсине салдым. Эки өлкөгө тең зыян тийгизген учурдагы абалды тез арада артка калтырып, карым-катнаштарыбызды нормалдаштыра турганыбызга ишенүүдөмүн».



Тектеш кабарлар