Президенттиктин катчысы Эрдогандын Путинге жазган каты тууралуу маалымат берди
Түркия кечирим сураган жок
![Президенттиктин катчысы Эрдогандын Путинге жазган каты тууралуу маалымат берди](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/ba90/8712/5c31/57722323a0289.jpg?time=1719058013)
Президент Р. Т. Эрдоган түрк аба мейкиндигин бузгандыгы үчүн 24 - ноябрда атып түшүрүлгөн орус учагынын учкучунун каза болгондугуна байланыштуу кайгысын билирди. Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Орусиянын президенти В. Путинге жиберген көңүл айтуу каты тууралуу маалымат берди.
Ибрахим Калын Эрдогандын катында орус аскердик учагынын атып түшүрүлүшү тууралуу терең санааркагандыгын белгилеп : «Каза болгон орус учкучтун үй – бүлөсүнүн күйүтүн дагы бир жолу бөлүшкөндүгүмдү белгилеп жана көңүл айтам. Капа болушпасын»,- деп жазгандыгын айтты. Калын президент Эрдогандын орус кесиптешине Түркия менен Орусиянын ортосундагы салттык достук карым – катнаштардын кайрадан улантылышы, аймактык кризистердин чечилиши үчүн кызматташтык жана террор менен бирдикте күрөшүү үчүн чакыруу салгандыгын да баса белгиледи.
Ибрахим Калын :" Карым – катнаштардын өнүктүрүлүшү максатында керектүү кадамдардын ташталуусу боюнча макулдашышты»,- деди.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719058014)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.