Бейөкмөт уюмдары сыяктанган түзүлүштөр мамлекет-улут аралашмасын бузууга аракеттенүүдө

Эрдоган Президенттик комплексинде берилген ооз ачуу тамагында бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө кайрылды.

515662
Бейөкмөт уюмдары сыяктанган түзүлүштөр мамлекет-улут аралашмасын бузууга аракеттенүүдө

Президент Режеп Таййип Эрдоган эң чоң ийгиликтеринин мамлекет-улут аралашмасы болгонун айтты.

Эрдоган Президенттик комплексинде берилген ооз ачуу тамагында бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө кайрылды.

Эрдоган айрым бейөкмөт уюмдары сыяктанган түзүлүштөрдүн мамлекет-улут аралашмасынан тынчсызданганын айтты.

Бейөкмөт уюм сыяктуу көрүнгөн бирок жаман иштер үчүн чуркагандардын жалгыз максатынын, адамдарды ишеничтери, тектери, жашоо формалары аркылуу бири-бири менен кагылыштыруу болгонун баса белгилеген Эрдоган, кайда канаган жара бар болсо дароо барып аны канатууга, жараны гангренага айлантууга аракет кылагндарын айтты.

Чөйрөлөрдөгүлөрдү көкүткөндөрдүн жалаң бирдей кишилер болгонун баса белгилеген Эрдоган, «Ар бири бирден профессионалдуу провокатор, бирок эми буларда кескин түрдө расшифровкаланышты. Барган сайын аброюн жоготушууда»,-деген сөздөрдү айтты.

«Өлкө ичи жана өлкө тышындагы кыйынчылыктарды алып карасак, арткы планда бейөкмөт уюм сыяктанган түзүлүштөрдүн издерин көрүүдөбүз»,-деп айткан Президент, «параллель түзүлүш жана террор уюму ПККнын колдошуусун мисал кылып көрсөтүп, буларга каршы күрөштө дагы көп колдошуу жана аракетти талап кылды.

Террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүк маалыматын кайталаган президент Эрдоган, «Учурда кандай чечкиндүү операцияларды уланттык, улантып жатабыз, улутубуздун тынчтыгын түзгөнгө дейре террор менен күрөшүүнү жан жана мүлк коопсуздугунун жооптуусу болгон мамлекеттин башчысы катары Кудай буюрса ийгиликтүү аткарабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар