Түркия чек арасында мыйзамдын негизинде мамиле кылат

Танжу Билгич, Түркия-Сирия чек арасында айрым сириялык жарандарга түрк коопсуздук күчтөрү тарабынан атайылап ок атылганы жөнүндөгү айтымдардын чындыкка жатпаганын билдирди.

514407
Түркия чек арасында мыйзамдын негизинде мамиле кылат

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Танжу Билгич, Түркия-Сирия чек арасында айрым сириялык жарандарга түрк коопсуздук күчтөрү тарабынан атайылап ок атылып өлүмгө учуратылып жатканы жөнүндөгү айтымдардын чындыкка жатпаганын билдирди.

Министрликтин катчысы Билгич, Түркия чек арасынан мыйзамсыз жолдор менен өтүүгө аракет кылган сириялыктарга ок атылганы жөнүндөгү суроого, «Кечээ түнү Түркия-Сирия чек арасынын Хатай облусубуздагы тилиминен мыйзамсыз жолдор менен өлкөбүзгө кирүүгө аракет кылган айрым сириялык жаарандарга коопсуздук күчтөрүбүз тарабынан атайылап ок атылганы жөнүндөгү бир канча кабарлар чындык менен коошпойт»,-деп жооп берди.

Билгич, Түркиянын мыйзамсыз жолдор менен чек арадан өтүүгө аракет кылгандарга толугу менен мыйзамдын негизинде мамиле кылганын белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар