Эрдоган Мухаммед Алинин жаназа зыйнатына катышуу үчүн АКШга аттанды

Эрдоган АКШга аттанаар алдында Мухаммед Алинин рингдерде болгону сыяктуу көңүлдөрдө да чемпион болгонун белгилеп өттү.

507139
Эрдоган Мухаммед Алинин жаназа зыйнатына катышуу үчүн АКШга аттанды

Президент Режеп Таййип Эрдоган 3-июнда дүйнөдөн кайткан легендарлуу мушкер Мухаммед Алинин жаназа зыйнатына катышуу үчүн Америка Кошмо Штаттарына барды.

Президент Эрдоган АКШга аттанаар алдында Анкарадагы «Эсенбога» аэропортунда ачыктоо жасап, Мухаммед Алинин рингдерде болгону сыяктуу көңүлдөрдө да чемпион болгонун белгилеп: «Анын ар бир сөзү, ар бир муштуму, ар бир жеңиши Африкадан Азияга чейин миллиарддаган карапайым адамдын үмүтүн жандырып, дем күч берди»,-деди.

Жикчилдикке жана бөлүүчүлүккө каршы куттуу күрөш жүргүзгөнүнө көңүл бурган президент Эрдоган, Мухаммед Алинин «Алла Тааладан байлык сурадым, шүкүрлөр болсун ал мага Исламды берди»,-деген сөзүнүн абдан маанилүү экенин баса белгиледи.

Мухаммед Алинин мусулмандыкты кабыл алгандан кийин көрсөткөн үлгүлүү мамилеси менен өлкөсүндө көп кишинин мусулмандыкты кабыл алуусуна өбөлгө болгонун белгилеген президент Эрдоган: «Өзгөчө 11-сентябрдагы террордук кол салуулардан кийин өрт өчүргүч каскасын кийип алып, «ислам мыкаачынын дини эмес, Ислам тынчтык болуп саналат» деп айтып ошондо көрсөткөн мамилеси эч качан унутулбайт. Анын акыркы тамчсына чейин акылуу болгон ийгилигинин артында бүткүл адамзатка илхам булагы болгон ишенич, умутулуу жана чечкиндүүлүктүн чоң ролу жатат»-деген серебин салды.

Эрдоган Мухаммед Алинин мусулман болгондон кийин Түркияга да келгенин эске салып, «Түркия Республикасынын Президенти катары жаназа зыйнатына катышып, ал үчүн делегациябыз менен бирге акыркы милдетибизди аткарып, кеч болсо да анын сапарына жооп берген болобуз. Анын турмушу, күрөшүүсү биз үчүн илхам булагы болушун улантат. Анын каза болушу менен бирге карапайым калкта пайда болгон боштукту Мухаммед Алинин жаркын элеси үчүн, анын мурасына ээ чыгып, буюрса биз орундаткан болобуз»,-деп айтты.

Сапарынын себебинен айрыкча жаназа зыйнатына катышуусу күтүлгөн чет өлкөлүк жогорку жетекчилер менен да жолугуша турганын түшүндүргөн Эрдоган, жакынкы убакта АКШга көчүп, Чикаго аймагына жайгаштырылган ахыска түрктөрү жана аймактагы мусулмандар менен ооз ачуу дастарконунда чогуу болоорун маалымдады.



Тектеш кабарлар