Президенттин катчысы Ибрахим Калындын макаласы

Түркия менен Африка тең укуктуу өнөктөш

504092
Президенттин катчысы Ибрахим Калындын макаласы

Түркиянын аймактагы ийгилигинин себеби сыр эмес: жергиликтүү өнөктөштөргө сый көрсөтүү, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу жана аянтта иштеген кишилерди жаралай турган саясаттардан алыс туруу.

Президент Р. Т. Эрдоган 31 -  майдан 3 -  июнга чейин расмий Чыгыш Африка туруна чыкты. Түркиянын аймактагы жакын өнөктөштөрүнөн болгон Уганда, Кения жана Сомалини камтыган зыярат калкыбыздын Африканын ийгиликтүү  болуу баянынын бир бөлүгү болуу ниетин кайрадан ырастады.

Ачык айтуу керек болсо Түркиянын Африка менен болгон карым – катнашы бүгүнкү абалына бир күндө эле келген жок.  Континентке жетишүү үчүн 1990 -  жылдардын акырында ташталган биринчи  кадамдар Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын мезгилиндеги Түркиянын тышкы саясий аракеттери менен дагы системалуу жана чечкиндүү абалга келди. 2005 -  жылы премьер – министр Эрдоган өкмөтү аймактык союздаштарыбыз менен дагы жакын кызматташтык түзүү, жаңы досттуктарды түзүү жана континенттин өз потенциалын ачыкка чыгаруусуна жардам берүү үчүн Африка кыймылын баштатты. Бул дипломатиялык кыймыл Стамбул жана Малабодо өткөн Түркия – Африка өнөктөштүк самиттери менен улантылды.

Түркия калкы үчүн өлкөнүн Чыгыш Африка өлкөлөрү менен карым – катнаштарында бурулуш жери Эрдогандын 2011 -  жылдагы кургакчылыкты жана жакырдыктын эң туу чокусуна жеткен учурда жасаган тарыхый зыярат болгон. Кризис 250 миң кишинин өмүрүнө таасир берген учурда Эрдоган адамдарга жалгыз эмес экендигин айтты жана кайрадан бутунда туруулары үчүн аларга жардам берүү убадасын берди.

Өткөн айда Стамбулда болуп өткөн Дүйнөлүк адамзаттык саммитинде 32 Африка өлкөсүнөн келген лидерлери тосуп алган Түркия Чыгыш Африкага сыймыктануу менен карады. Акыркы жылдарда Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги ТИКА отуздан ашуун өлкөдө өнүгүү проектилерин башкаруу үчүн 15 офис ачты. Түркия  2012 – 2013 -  жылдарда Африкадагы түрдүү жардам программаларына 800 миллион АКШ долларлык салым кошкон. Түрк ыктыярдууларынын жана жетекчилеринин аракеттери, медициналык кароо, тамак – аш жана башка мүмкүнчүлүктөргө  жетүү мүмкүнчүлүгү аз болгон миллиондогон кишинин турмушунда айырмачылык жаратты.

Өткөн жылы Түркия медицина профессионалдарына билим берүү жана оорулууларды дарылоо үчүн Түрк – Сомали билим берүү жана иликтөө ооруканасын ачты. Бул оорукана Чыгыш Африкадагы эң чоң медициналык борбор болду.

Иш чараларыбыз бир гана Чыгыш Африка менен эле чектелип калган эмес. 2014 -  жылы Батыш Африка эбола эпидемиясынан кийин Түркия апаат жана чукул абалдарды башкаруу төрагалыгы АФАД  Сьерра-Леоне, Либерия жана Гвинеяга медициналык материал жана гуманитардык жардам жиберди. АФАД айрыкча Мозамбик жана Түштүк Чыгыш Африканын  калган аймактарында болгон сел апаатында да жардам бергендердин арасында биринчи орунда турат.

Түрк жарандык коом уюмдары жана президенттиктин өлкө тышы түрктөр жана тууган коомдор башкармалыгынын аракеттери менен 4,500дөн ашуун африкалык жаштын Түркиянын алдыңкы университеттеринде жана коледждеринде билим алышууда.

Түркиянын ийгилигинин сыры тең укуктуу өнөктөштөр катары мамиле кылуудагы чечкиндүүлүгү. Теңдик жана бир бирине карата ишенимге басым жасоо Түркия – Африка өнөктөштүгүн тарыхый бир ийгиликке жеткирген себеп.

Түркия бүгүн Африканын бир бөлүгү болду. Жыл сайын миңдеген студент жана үй – бүлө, учуу желесин 32 өлкөдө 48 жерге жеткирген түрк аба жолдору менен дүйнөгө саякатка чыгып жатат. Түрк фирмалары 2000 – жылдан бери бир бирине карата жумуш көлөмүн 8 эсе арттырып 6 миллиард АКШ долларга жеткирип, Африка калктарын жумуш менен камсыз кылууда. Акыркы болуп он жыл мурункусуна караганда Түркия бүгүн Африкадагы элчилик санын беш эсе арттырып  34кө чыгарды.

Түркия  Африка калктары үчүн жана алар менен бирдикте дагы көп нерсени аткарууга болгон чечкиндүүлүгүн улантууда. Уганда, Кения жана Сомали да болуу менен Чыгыш Африкадагы досторубуз эл аралык коомдун абдан аз колдоосу менен беттешкен адамзаттык кыйынчылыктар менен күрөшүүгө аракет кылышууда. Дүйнөдө эң көп качкынды кабыл алган өлкө катары Түркия Африка калктарынын аракетине көңүлдөрдү бурууну улантат.

Ушундай эле Уганда, Кения жана Сомали терроризм менен байланышы болгон улуттук коопсуздук маселелерди жашап жатат. Аймакты дагы ишенимдүү кылуу үчүн алар менен болгон кызматташтыгыбызды тереңдетүү менен улантабыз. Акыркы болуп Түркиянын континентте экономикалык өсүүнү колдоо аракеттери өзгөчө Чыгыш Африкада келечекте да улантылат. Сооданы колдоо менен жаңы иш мүмкүнчүлүктөрүн жаратып жана жергиликтүү коомдорго өз бутунда туруулары үчүн керек болгон каражаттарды берип, Түркия жакын өнөктөш катары калууну улантат. Эрдогандын Чыгыш Африка сапары менен дүйнөнүн бай өлкөлөрүн Уганда, Кения жана Сомалиге жардам берүү үчүн эскертүүсү маанилүү.

Түркиянын аймактагы ийгилигинин себеби сыр эмес : жергиликтүү өнөктөштөргө урмат – сый, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу жана аймакта жашаган кишилерди жаралай турган саясаттардан алыс туруу.



Тектеш кабарлар