Эрдоган Кенияда...

Бул сапарда да ар түрдүү келишимдерге кол коюлат.

502531
Эрдоган Кенияда...

Президент Режеп Таййип Эрдоган Чыгыш Африка сапарынын экинчи аялдамасы Кенияда.

Уганда сапарын аяктаган президент Эрдоган, кечинде жубайы Эмине Эрдоган менен бирге Кениянын борбор калаасы Найробиге өттү.

Бүгүн борбор калаа Найробиде тыгыз программасы боло турган президент Эрдоганды көп сандаган ишкер коштоп жүрөт.

Президент Эрдоган эң оболу бул өлкөнүн алгачкы президенти Жомо Кениаттанын мавзолейине гүлчамбар коет.

Андан соң Президенттик сарайында салтанаттуу тосулат.

 Кениянын президенти Ухуру Кенятта менен өз алдынча жолугушуусунан кийин эки лидер делегациялар аралык жолугушууга жетекчилик кылышат.

Ар түрдүү келишимдерге кол коюла турган сапарда Эрдоган жана Кениатта бирглеше маалымат жыйын өткөрүшөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун Найробидеги кеңсесине да бара турган Эрдоган, бул жерде көчөт отургузат.

Кечинде эки өлкөнүн ишкерлеринин бирге өткөргөн иш форумуна катышат.



Тектеш кабарлар