АК Партияга жаңы жетекчи шайланды

АК Паритиянын жетекчилигине Измир эл өкүлү, транспорт, байланыш жана деңиз иштери министри Бинали Йылдырым шайланды.

495684
АК Партияга жаңы жетекчи шайланды

АК Паритиянын жетекчилигине 1405 делегаттын добушу менен Измир эл өкүлү, транспорт, байланыш жана деңиз иштери министри Бинали Йылдырым шайланды.

Анкарадагы Арена спорт залында өткөн АК Паритиянын 2-Кезексиз чоң курултайында АК Паритиянын жетекчилигине Измир эл өкүлү Бинали Йылдырым  жалгыз талапкер катары катышкан шайлоодо, 1470 делегаттан, 1411 киши добуш берди. Шайлоодо 6 делегаттын добушу жараксыз деп эсептелди.

Ушундайча президент Режеп Таййип Эрдоган куруучу жетекчиси болгон АК Паритияда, Ахмет Давутоглунан кийин кызматты өткөрүп алган Бинали Йылдырым, партиянын үчүнчү жетекчиси наамын алды.

Бул учурда президент Эрдоган курултайга билдирүү жөнөттү. Адилет министри Бекир Боздаг тарабынан окулган жана жалпы зал туруп алып уккан билдирүүдө Эрдоган, өзү курган партиядан күтүүлөрү айтылды.

Бир тараптан Бинали Йылдырым АК Паритиянын 2-кезексиз курултайындагы сөзүн президент Режеп Таййип Эрдоганга ырахматын айтуу менен баштады.

Йылдырым, террор менен күрөшүү, жаңы конституция жана президенттик башкаруу системасына байланыштуу маалымат берди.

Бинали Йылдырым террор операциялары тууралуу, «Бул жерден улутума жарыялаймын, аймакта жашаган атуулдарыбыздын жан жана мүлк коопсуздугу сакталып, тынчтык түзүлгөнгө дейре бул операциялар ушундай эле улана берет. Канкор ПКК террор уюму куралдуу кыймылдарын токтотконго дейре, бул операциялар тынымсыз уланат»,-деп айтты.

Йылдырым жасалышы керек болгон жаңы конституция жана президенттик система болгонун белгилеп, «Бүгүн жасашыбыз керек болгон эң маанилүү иш, учурдагы абалды мыйзамдуу абалга келтирүү жана бул башты айлантууну соңуна чыгаруу. Мунун жолу да жаңы конституция менен болот. Жаңы конституцияда президенттик башкаруу системасы болуп эсептелет»,-деп айтты.

АК Паритиянын жетекчиси сыпаты менен акыркы жолу трибунага чыккан Ахмет Давутоглу да, курултайдын коштошуу эмес берилгендик курултайы болгонун айтты.

АК Паритиянын 2-кезексиз курултайында чогуу иштешкен жолдоштору менен коштошуп, таарынычтары болсо кечирүүсүн суранган Давутоглу, «Кызмат орундугуна, макамларга, орундуктарга кош айтабыз, бирок туугандарым убадабызга, принциптерибизге, бараткан жолубузга эч качан кош айтпайбыз»,-деди.

Курултай, Борбордук чечимди башкаруу кеңеши, Башкы борбордогу партия ичиндеги тартип кеңеши, Саясий жетилгендик жана ыйгарым укук кеңешине мүчөлүк жана кошумча мүчөлүктөрдү шайлоо менен уланды.



Тектеш кабарлар