Мевлют Чавушоглу менен Лавровдун диалогу

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго каршы чыкты

493302
Мевлют Чавушоглу менен Лавровдун диалогу

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго каршы чыкты жана : «Түркиянын ДЕАШка жардам бергендигине байланыштуу бир далил бар болсо мен кызматымдан кеткенге даярмын»,- деди.

Австриянын борбор шаары Венада АКШ жана Орусиянын кош төрагалыгында өткөрүлгөн Эл аралык Сирияга жардам группасынын жыйыны өткөн залда Чавушоглу менен Лавровдун ортосунда кызыктуу диалог болду.

Жогорку мартабалуу бюрократтар колдонгон башка залда курулган экрандарга да чагылган диалогдо Чавушоглу Лавровго каршы чыкты. Чавушоглу : «Сиз абдан жакшы дипломатсыз. Арабызда эң тажрыйбалуу ысымдардансыз,  мындай айтылган сөздөргө ишенбешиңиз керек. Урматтуу президентибиз айткандай  мен да кайталаймын. Түркиянын ДЕАШка жардам бергенине байланыштуу бир далил боло турган болсо мен кызматымдан кеткенге даярмын. Бирок сиз айткандарыңызды далилдей албасаңыз өмүрүңүздүн калганын Антальяда өткөрүүгө чакырамын»,- деди.



Тектеш кабарлар