Түркиянын калкынын 16,4 пайызын жаштар түзөт

Өлкөнүн жалпысындагы жаштардын саны 12 миллион 899 миң 667 кишиге жетти

492602
Түркиянын калкынын 16,4 пайызын жаштар түзөт

Түркиянын калкынын 16,4 пайызы жаштардан турат.

Түркиянын статистика мекемесинин «Статистикалар боюнча жаштар-2015» изилдөөсүнө караганда, өткөн жылы Түркиянын калкынын 16,4 пайызын 15-24 жаш курактагы жаштар түздү.

Буга ылайык, өлкөнүн жалпысындагы жаштардын саны 12 миллион 899 миң 667 кишиге жетсе, мунун 51,2 пайызын эркектер, 48,8 пайызын болсо кыздар түздү.

Жаштардын саны эң көп болгон област Хаккари, ал эми эң аз катталган област Мугла болду.

16-24 жаш курактагы жаштардын интернет колдонуу боюнча көрсөткүчү 2014-жылы 73 пайыз болсо, 2015-жылы 77 пайызга жогорулады.

Ал эми жаш айымдардын интернет колдонуу боюнча көрсөткүчү 2015-жылы 5,7 баллдык өсүү менен 68,9 пайыз болуп, жаш эркектерде бул сан 85,1 пайызга өстү.

Айрыкча 2014-жылы жаштардын 61,2 пайызы өзүн бактылуу сезсе, бул сан 2015-жылы 63,8 пайызга жетти.

Келечектен үмүттүү болгон жаштардын саны болсо 83 пайыз.



Тектеш кабарлар