ДЕАШ менен Түркия күрөшкөндөй эч ким күрөшкөн жок
Эрдоган, Сирияда болгондордун таасирлеринин глобалдык деңгээлде чагылыштары бар экенин баса белгиледи.
![ДЕАШ менен Түркия күрөшкөндөй эч ким күрөшкөн жок](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/0d50/8703/0450/5733060e0fc33.jpg?time=1718780016)
Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын террор уюму ДЕАШ менен болгондой күрөшүүсүн эч бир өлкөнүн жасабаганын айтты.
Эрдоган, Түркия кылган операцияларда ДЕАШтын чыгымы бир гана Сирия жана Иракта 3 миңге кишиге жеткенин белгиледи.
Стамбулда уюштурулган Балкан өлкөлөрүнүн башкы штаб төрагаларынын 10-конференциясында сөз сүйлөгөн Эрдоган, Сирияда болгондордун таасирлеринин глобалдык деңгээлде чагылыштары бар экенин баса белгиледи.
Согуштан жана зулумдуктан качкан 3 миллион сириялык жана ирактыкка Түркия каалгасын ачканын, мунун башка мисалы жок экенин сөз кылган Эрдоган,Түркиянын баш калкалоочулар үчүн орто эсеп менен 20 миллиард доллар каржылаганына көңүл бурду.
Президент: "Балким бизге Европадан же дүйнөдөн, БУУнун качкындар боюнча кеңешинен акча келеби деп ойлогон жокпуз",-деди.
Президент Эрдоган, террор уюму ДЕАШ менен күрөшүүдө булак өлкөлөрдүн эч кандай кадам таштабай, ал эмес чалгындоолорун да бөлүшпөй, бул аз келгенсип бардыгын тең Түркиянын жасашын күткөндөрүн белгиледи.
Террор уюмунун колундагы куралдарга байланыштуу да сөз сүйлөгөн Эрдоган: "ДЕАШтын колундагы куралдардын батыштын кайсы өлкөлөрүнө таандык экенин абдан жакшы билебиз. Ал эмес бир топ досторубузга "жаңылыш кылып жатасыздар,бул учактарды бул жерлерге кондурбагыла" дегенибизде, мына карагыла "баланча жер кыйратылууда, ошон үчүн кондуруудабыз" дегендердин, тилекке каршы жөнөткөн жардамдарынын жарымы ДЕАШтын, жарымы ПЙДнын колуна өттү. Буларды алардын өздөрү менен телефондо байланышып сүйлөшкөн үчүн ачык айтуудамын",-деди.
Аймактык ээ болуунун парламенттик бутагынын өнүктүрүлүшүн каалагандарын сөз кылган президент Эрдоган: "Ушул максат менен Түштүк Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн арасында учурдагы Парламенттик ассамблеясынын туруктуу катчылыгынын Стамбулда курулуусун да биз ушул жыйналышта сунуштайбыз",-деп айтты.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/17dc/85c7/62ef/667274aa8f555.jpg?time=1718780017)
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.