Террористтерге карай жүргүзүлгөн операциялардын жыйынтыгы

ДЕАШка карай жылдын башынан бери жүргүзүлгөн операцияларда 463 киши камакка алынды, кармалган 863 шектүүдөн 199у абакка жөнөтүлдү.

488220
Террористтерге карай жүргүзүлгөн операциялардын жыйынтыгы

Түркиянын жалпысында террор уюму ДЕАШка карай жылдын башынан бери жүргүзүлгөн операцияларда 463 киши камакка алынды, кармалган 863 шектүүдөн 199у абакка жөнөтүлдү.

Полиция, жандармерия жана чек ара бөлүктөрү жүргүзгөн операциялардын натыйжасында, уюмга таандык документтер, куралдар жана ок-дарылар дагы табылды.

Анкаранын коопсуздук директорлугунун топтору тарабынан уюштурулган бир убакта болгон операцияда, террор уюму ДЕАШтын 1-Майга карай кыймыл планы даярдыгында болгондору белгиленген 4 мүчөсү камакка алынды.

Шектүүлөрдүн Сирия тектүү жана кагылышуу аймактарындагы террористтер менен байланышта болгондору белгиленди.

Стамбулда кыймыл кылыш үчүн Сириядан келгендери белгиленген 2 кишиден бири кармалды, экинчиси болсо юридикалык көзөмөл шарты менен эркин кое берилди.

Анкарада 6-майда сириялык бир шектүү террор уюму ДЕАШтын мүчөсү болгону боюнча кармалды.

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан аскердик жооп кайтаруу эрежелеринин алкагында «эселентип жооп кайтаруу» боюнча  1-5-май күндөрүнүн арасында  террор уюму ДЕАШка таандык 2144 бута атылды. Анын 807си Сирияда, 365и Ирактын түндүгүндө болуп террор уюму ДЕАШтын 1172 мүчөсү жок кылынды.

Айрыкча Сирия чек арасында жайгашкан чек ара бөлүктөрүнө террористтердин өтүүлөрүнө бөгөт коюлушу үчүн кошумча бөлүктөр менен бирге операция жүргүзүлдү. Сирия чек арасында террор уюмдары ДЕАШтын 388, ПЙД/ПККнын болсо 82 мүчөсү кармалды.

Ошол эле мезгилде ДЕАШ тарабынан Килистин шаар борборуна карай катюша жана замбирек атууларынан 5-майга чейин 8ү сириялык 20 жаран каза тапты, 17си сириялык болуп 66 киши жаракат алды.



Тектеш кабарлар