Европада террор боюнча мыйзам кем...

Түркия, ЕБ өлкөлөрүнүн мыйзамдарында «террор, террорист жана террор кылмышына» байланыштуу атайын эмгектерди кылып, отчет жарыялады.

487063
Европада террор боюнча мыйзам кем...

ТР Адилет министрлиги, Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдө «террор» жана «террордук акция» темасында орток аныктама жок экенин белгилеп, бул аныктамалардын ар бир өлкөнүн өзүнүн муктаждактарына жараша айырмаланганын белгилегендерин жарыялады.

Адилет министрлиги, ЕБ өлкөлөрүнүн мыйзамдарында «террор, террорист жана террор кылмышына» байланыштуу атайын эмгектерди кылып, отчет жарыялады.

ЕБде 2001-жылдын 11-сентябрынан кийин терроризм темасында План токому чыгарылганын, андан соң бул токтомдун эки беренесинин өзгөртүлгөнү белгиленген отчетко караганда, токтомдо терроризм тууралуу «Бир өлкөнүн калкын олуттуу түрдө коркутуу жана баш ийдирүү, бир өкмөттү же эл аралык мекемени бир нерсени жасоого мажбурлоо же бир өлкөнүн эл аралык мекеменин саясий, экономикалык, социалдык, конституциялык, пайдубал түзүлүшүн кулатуу же иштегис абалга келтирүү максаты менен бир өлкөнү же эл аралык уюштурууну олуттуу зыянга учураткан атайын кыймылдарды кылуу» деген аныктама жасалган.

Террор максаты менен жасалган жана террор кылмышы болуп эсептелген бардык кыймылдарга уюм дегендин ордуна «террорист топ» деген сөз айтылды.

Өлкө мыйзамдары да каралган отчетко караганда, Нидерландияда террор кылмыштарына байланыштуу атайын бир мыйзам тексти жок. Террор кылмышына байланыштуу «террорист ниет» деген аныктама берилген.

Австрияда да Нидерландия сыяктуу террордук кылмыштарга байланыштуу атайын мыйзам чыгарылган эмес.

Германияда да расмий түрдө «террор» же «террор кылмышкери» деген аныктама жок. Германиянын мыйзамдарында жалгыз эле «террор уюмун куруу» деп аныкталган.

Террор менен күрөшүүгө байланыштуу өзүнчө бир мыйзам болбогон Бельгияда да «террор» жана «терроризм» аныктамасы Кылмыш кодексинин ичинде орун алган.



Тектеш кабарлар