Давутоглу Жан-Клод Юнкер менен телефон аркылуу сүйлөштү
Давутоглу менен Юнкер кайсы маселени талкуулашты?
![Давутоглу Жан-Клод Юнкер менен телефон аркылуу сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/ce82/de71/ae16/5728fcf0c6c9d.jpg?time=1718779276)
Премьер-министр Ахмет Давутоглу Европа Комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер менен телефон аркылуу байланышып сүйлөштү.
Министрликтен алынган маалыматка ылайык, Давутоглу менен Юнкер сүйлөшүүдө Европа Биримдиги тарабынан түрк жарандарына Шенген аймагына кирүүдө виза эркиндигинин киргизилишине карата акыркы жагдайды талкуулашты.
Сүйлөшүүдө 18-мартта өткөрүлгөн Түркия-Европа Биримдиги саммитинде баш калкалоочулар темасында түзүлгөн келишимдин ишке ашырылышы боюнча пикир бөлүшүштү.
Келишим ишке аша баштагандан бери Эгей аймагында мыйзамсыз көчкөндөрдүн санынын аябай эле азайганына канааттангандарын баса белгилешти.
Даутоглу менен Юнкер, 18-марттагы макулдашуунун толук ишке ашырылышы үчүн бардык баскычтарында тыгыз диалогду улантууга макул болушту.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/17dc/85c7/62ef/667274aa8f555.jpg?time=1718779276)
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.