Дүйнө жүзү террорго каршы биргелешип күрөшө албады

Эрдоган жикчилдерге каршы биргелешип күрөш жүргүзүлбөсө, террор менен да күрөшүү кыйынга тураарын айтты.

478784
Дүйнө жүзү террорго каршы биргелешип күрөшө албады

Президент Режеп Тайип Эрдоган жикчилдерге  каршы биргелешип  күрөш жүргүзүлбөсө, террор менен да күрөшүү кыйынга тураарын   айтты.

Бул тууралуу Эрдоган Азербайжандын борбор калаасы Бакуда, Бириккен Улуттар Уюмунун цивилизациялар шериктештигинин 7-Дүйнөлүк форумунун ачылышындагы сөзүндө билдирди.

Эрдоган  форумдагы  сөзүндө Цивилизациялар шериктештигинин жетишкен ийгиликтерине карабастан, дүйнөдө бейпил турмуш куруу  максатына али да болсо жетише  электигин  баса белгилеп өттү.

 «Биздин Цивилизациялар шериктештиги  түптөшүп калган жаман ойлорду, ага берилген адамдарды, ишеничтерди, тектери жана маданияты  ажыратып турган түшүнүктү тилекке каршы жеңе  алган жок.  Радикалдык агымдар  жана буларды тымызын колдоп жаткан террорчулук менен   күрөшүүдө, биз, калк күтүп жаткан чечкиндүүлктү жетиштүү деңгээлде көрсөтө алган жокпуз»,-деп айтты Эрдоган.

Эрдоган, Сирия, Ирак, Нигерия, Франция, Пакистан, Түркия, Бельгия жана Испанияда бомбалар байма бай  жарылып жатканын, эч күнөөсүз адамдар жарылуулардын курмандыктары болуп жатканына  карата биргелешип каршылык көрсөтө албаганын, согуш отун тутандыруучуларга каршы ар кандай акцияларды уюштура албай жатышканын   белгилеп кетти.

Зомбулук чөйрөсүн түздөн-түз саясий каршылыкка бура албагандарын, ага карата чара таба албагандарын,  зомбулукту пайда кылган себептер менен күрөшүүдө эң таасирдүү куралдарды таап чыгып, эки тараптуу түшүнүшүүнү  жана диалогду табуу  экенин бүткүл дүйнөгө  ишендире  ала албагандыгын  сөз кылган президент Эрдоган, уюлдашуунун ордуна макулдашуу маданияты керектигин түшүндүрө  албагандарын айтты.

Сириядагы  абалга токтолуп,  бул өлкөдө мамлекеттик террор болгонун баса белгилеген Эрдоган, өлкөдө адамдарды баррель бомбалары, замбирек, танкалар менен атып жаткан террорчулар  бар экенине көңүл бурду.

Президент: «Асадды кызыл килем   менен тосуп алгандар жооп беришпейби? Сириялык кичинекей Айландын  жансыз денеси жээкке чыгып калганын көргөн адамзат эмнени ойлоду экен?» деп  айтты.

Анда Айлан жээкке чыгып калганга дейре кайда элеңиз? 6 жылдан бери Сирияда  бейкүнөө адамдар өлүп жатат. Жалгыз гана Эгей жана Жер Ортолук деңизине чөгүп бараткан  адамдардын  саны ушул убакта 100 миңге жетти.  Аларды өлүмдөн куткарып  калдык. Ушул убакта бизде Сирия жана Ирактан качып, баш калкалоо издегендердин  саны 3 миллиондон ашты. Биздин ушул убакка дейре аларды багууга жумшаган  каражатыбыз 10 миллиард доллардан ашты»,-деп айтты ал.



Тектеш кабарлар