Түркия ДЕАШтын таш талканын чыгарды

Түркияга багытталган рампада, бир ракетанын атууга даярданганы аныкталды.

478020
Түркия ДЕАШтын таш талканын чыгарды

Түркиянын замбирекчи бөлүгү, террор уюму ДЕАШтын Сирия тарабындагы ракета рампасын "Фыртына" пушкалары менен талкалай атып, 8 террористти да жок кылды.

Коопсуздук маалымат булактарынын маалыматына ылайык учкучсуз учуучу унаалар, Сирия тарабында Килиске 21, чек арага 6 чакырым алыстыкта жайгашкан Халебдин түндүгүндөгү Жаккада террор уюму ДЕАШка таандык бир ракета рампасын белгиледи.

Түркияга багытталган рампада, бир ракетанын атууга даярданганы да аныкталды.

Учкучсуз учуучу унаалар белгилеген координаттарды "Фыртына" пушкалары катуу бомбалады. Замбиректердин атуулары токтогондон кийин процесске кирген Учкучсуз учуучу унаалар аркылуу ракета рампасынын талкаланганы жана 8 террористтин жок кылынганы белгиленди.

Түркиянын өзүн коргоо укугун колдонуп, террор уюму ДЕАШтын Сириядагы максаттарына кургактыктан жүргүзгөн атууларында ушул убакка дейре 370 террорист өлдү.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда 9-январдан бери Сирия тарабындагы ДЕАШ мүчөлөрүнүн Түркиянын чек араларынын ичине карай кол салууларына, жооп иретинде ар түрдүү куралдар менен 5330 жолу атылды. Бул атууларда ДЕАШ террор уюмуна таандык көп сандаган курал, окоп, баш калкалоочу жай жана штаб катары колдонулган имараттар талкаланды.

Ошол эле күндөн баштап уюмга карай коалиция күчтөрү тарабынан 167 абадан операция жүргүзүлдү. Бул операцияларда да 492 террористтин набыт болгону белгиленди.



Тектеш кабарлар