Эрдогандын армян атуулдарга кайрылуусу

Эрдоган 1-Дүйнөлүк согуштун шарттарында каза болгон армяндарды таазим кылуу менен эскергенин билдирди.

477249
Эрдогандын армян атуулдарга кайрылуусу

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиядагы армяндардын патриархтыгынын башкы милдетин аткаруучу Арам Атешянга Армян патриархтыгынын Кумкапыдагы «Мариям эне» чиркөөсүндө уюштурган 1915-жылдагы окуяларын эскерүү сыйынуусунан кийин маалымат жиберди.

Эрдоган, сыйынуудан мурда Атешян тарабынан окулган билдирүүсүндө, 1-Дүйнөлүк согуштун трагедиялуу шарттарында каза болгон Осмон армяндарын эскериш үчүн бүгүн Стамбулда Армян патриархтыгынын чатыры астында чогулган атуулдарга салам жолдогонун жана урматтаганын билдирди.

Бүгүнкү аземдин, «Осмон армяндарынын башынан өткөргөн кайгыларынын бөлүшүлүшү жана эскермелеринин эскерилиши үчүн эң маанилүү жер Түркияда дагы бир жолу өткөрүлүп жатканына ыраазы болгонун баса белгилеген Эрдоган: «Адамзат вазийпалары унутулбаган, кубаныч жана кайгынын чын дилден бөлшүлгөн жери болгон Анадолу жерлери, абийир жана адилеттик түшүнүгүн бардыгынан жогору коет. Мына ушул түшүнүк менен тарых аң-сезимибиз жана адамзат кыйырыбыздын талабына ылайык Осмон армяндарынын эскермелерин эскерүүбүздү улантабыз. Түрктөр менен армяндардын миң жылга созулган орток жашоо маданиятын кайрадан эскерүүнү жана эскертүүнү улантабыз»,-деп айтты.

Анда: «Орток тарыхтары жана окшош салттары болгон эки кошуна элди, жек көрүү жана душмандык сөздөрү менен бири-биринен ажыраткысы келгендерге жана тарыхты саясатташтырыгы келгендерге каршы достук жана тынчтык максаты менен иштөөдөн баш тартпайбыз»,-деп айткан президент Эрдоган, мындай улантты: «Бул ой-пикирлер менен, түбөлүк жайына узатылган Осмон армяндарын дагы бир жолу таазим кылуу менен эскеребиз. Жашап жаткан жакындарынын кайрат кылуусун тилеймин. Ошол эле мезгилде курман болгон этникалык теги жана дини кандай болбосун бардык осмон жарандарынын жаткан жери жайлуу болсун, аларды урматтоо менен эскеремин. Бул орток кайгыны бөлүшкөнүбүздү дагы бир жолу айта кетким келет. Өлкөбүзгө өткөндөн ушул күнгө чейин салым кошкон бардык армян атуулдарыбызга ушул себеп менен кайрадан ырахмат айтамын».

Президент Эрдоган бул маалыматын армян тилинде жарыялады.



Тектеш кабарлар