"Осман Гази" көпүрөсү

Асма көпүрөнүн акыркы палубасы коюлду

476074
"Осман Гази" көпүрөсү

Президент Р. Т. Эрдоган премьер – министр Ахмет Давутоглу менен транспорт, деңизчилик жана кабарлашуу министри Бинали Йылдырым, Измит булуңунан өтүү үчүн курулган Асма көпүрөнүн акыркы палубасын койду.

Эрдоган Стамбул – Бурса – Измир автожолу проектисинин эң чоң бөлүгүн түзгөн Измит булуңуна өтүү үчүн курулган көпүрөнүн атынын «Осман Гази" көпүрөсү болорун билдирди. Көпүрөнүн акыркы палубасын коюу аземинен кийин сөз сүйлөгөн Эрдоган : «Измит булуңуна өтүү үчүн курулган Асма көпүрөнүн уландысы болгон автожол 9 миллиард долларлык проекти болгон Стамбул – Измир автожолунун кызматка кирген биринчи бөлүмүн түзүүдө. Бул жылдын ичинде 20 километрдик Измир – Кемалпаша бөлүмү да кызматка кире турган авто жолдун баарынын 2018 - жылы ачылышын пландап жатабыз»,- деди. Жалпы инвестиция наркы 9 миллиард доллар болгон бул автожол Түркиянын 2023 проектилеринин ичинде биринчи болуп бүткөндөрдүн арасында орун алууда. Келерки айда кызматка ачыла турган көпүрөнүн узундугу 2 миң 682, бийиктиги 252, эни болсо 36 метр. Жалпы 6 тилкелүү көпүрө менен Стамбулдан Бурсага баруу 45 минутага созулат. Премьер – министр Эрдоган автожол проектисинин башка бир бөлүгү болгон Бурса – Измир туннелин да кызматка ачты.



Тектеш кабарлар