НАТОнун баш катчысы Түркияда

Столтенберг Варшавада боло турган НАТО саммитине даярдыктарды сүйлөшүү үчүн кечээ Түркияга келди.

475140
НАТОнун баш катчысы Түркияда

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 8-9-июль күндөрүндө Варшавада боло турган НАТО саммитине даярдыктарды сүйлөшүү үчүн кечээ Түркияга келди.

Баш катчы Столтенберг премьер-министр Ахмет Давутоглу менен жолукту.

Жолугушууда Варшава саммитинин даярдыктары менен катар Түркиянын Түштүк Чыгыш чек арасындагы аскердик кыймылдуулук жана чек ара коопсуздугу темалары каралды.

Давутоглу менен Столтенбергдин жолугушуусунда айрыкча террор уюму ДЕАШ менен күрөшүү жана Сирия менен Иракка байланыштуу акыркы абалдар кеңири каралды.

НАТОнун Эгей деңизиндеги адам уурдоого бөгөт коюуга карай иштери да күн тартипке келди.

НАТОнун баш катчысы Столтенберг бүгүн да президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан кабыл алынат.

Жолугушууда Варшава саммитине даярдыктар менен катар НАТОнун Түркияга карай коопсуздук чара көрүүлөрүнүн ишке ашырылуусу каралат.

Сирия, Ирак жана ДЕАШ баштаган Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка маселелери менен НАТОнун Эгей деңизиндеги иш-чаралары тууралуу пикир алмашышат.



Тектеш кабарлар