Канкор террористтердин кол салуусу тыйыла элек
Кол салууда 1 полиция шейит болду, 1 полиция жараланды.
![Канкор террористтердин кол салуусу тыйыла элек](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/3d0e/229a/05aa/56ee83a8d0369.jpg?time=1719131271)
Түркиянын Шырнак облусунда террористтер полициянын күзөт жүрүшүндөгү зооттолгон унаага ракеталар жана алыс аралыкка атуучу куралдар менен кол салды.
1 полиция шейит болду, 1 полиция жараланды. Мардиндин Нусайбин районунда террор уюму ПККга карай операцияда жаракат алган атайын кыймыл полициясы Күршат Инан да дарыланып жаткан Гүлхане аскердик медицина академиясынын ооруканасында көз жумду.Инан бардык аракет жумшалса да куткарыла алган жок.
Ризенин коопсуздук директорлугунун атайын кыймыл кеңсесинин директорлугунан убактылуу кызмат үчүн Нусайбинге жөнөтүлгөн шейит полиция, туулган жери Токаттын Турхал районунда жерге берилет.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719131271)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.