Деңиз астынан өткөн жөө жүргүнчүлөр жолу салынат
Стамбул мэри Кадир Топбаш Стамбул кысыгында Үскүдар – Кабаташтын ортосунда деңиз астынан өткөн жүргүнчү жолунун салынарын билдирди
471916
![Деңиз астынан өткөн жөө жүргүнчүлөр жолу салынат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/4e38/7c51/8361/5711c0def2802.jpg?time=1719116641)
- Стамбул кысыгына деңиз астынан өткөн жөө жүргүнчүлөр жолу салынат.
- Стамбул мэри Кадир Топбаш Стамбул кысыгында Үскүдар – Кабаташтын ортосунда деңиз астынан өткөн жүргүнчү жолунун салынарын билдирди. Стамбул мэрдигинин 2015 - жылдагы иш алып баруу отчетун муниципалитет парламентине сунуштаган Топбаш кээ бир проектилерин биринчи жолу билдирди. Топбаш инвестициялардын көпчүлүк бөлүгүн транспортко бөлүшкөндөрүн, метрого алдыңкылык беришкендерин белгиледи.
- Стамбул аба жолу фирмасын курушарын да баса белгилеген Топбаш : «Өлкө ичинде уча турган жана суу сактагычтарга коно ала турган, учак такси түрүндө иштей турган аба жолу фирмасы болот. Бул шаарга жана өлкөгө жаңы нерсе алып келебиз»,- деди.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719116641)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.