Террорго карата операциялар улантылууда

Диярбакырдын Хани районунда террористтер тарабынан райондук жандармерия командирлигине жасалган бомбалуу кол салууда каза болгон аскер саны төрткө жетти

469804
Террорго карата операциялар улантылууда
  • Диярбакырдын Хани районунда террористтер тарабынан райондук жандармерия командирлигине жасалган бомбалуу кол салууда каза болгон аскер саны төрткө жетти. Бирок жаралуу аскерлерден экөөсү да бардык жардамдарга карабастан шейит болду. Аймакта кенен түрдө операция жүргүзүлүүдө.
  • Хаккариде Даглыжа аймагында бир аскер шейит болуп, төрт аскер жараланды. Хаккаринин Йүксекова районунда да коопсуздук чамбарын бузуп элет жерине кирүүгө аракет кылган он үч террорист өлтүрүлдү.
  • Каза болгон террористтердин арасында Йүксекова снайпери да бар. Террористтер менен бирге көп сандаган курал жана жарылуучу зат колго түшүрүлдү. Ошол эле учурда Сириядан Түркияга мыйзам тышы жолдор менен өткөн бир террорист Шанлыурфада жандармерия командирлигинин топтору тарабынан камоого алынды. Тергөөдөн кийин сотко өткөрүлгөн террорист сот тарабынан камоого алынды.
  • Тунжелиде да коопсуздук күчтөрүнүн Кобра тик учары менен жүргүзгөн операцияда ПКК террористти өлтүрүлдү.
  • Бир тараптан Мардин губернаторлугу коопсуздук күчтөрүнүн Нусайбин районунда жүргүзгөн операцияларда ушул күнгө чейин 214 террористтин өлтүрүлгөнүн билдирди.


Тектеш кабарлар