Президенттик катчысы Ибрахим Калындын макаласы

«Шарли Эбдо» жана согушкер секуляризм

467948
Президенттик катчысы Ибрахим Калындын макаласы

ДЕАШ, Аль Каида жана ушуга окшогон уюмдардын жасаган кол салуулары принциптин негизинде четке кагылууга мажбур. Бирок ошол эле мажбурдуулук расизм жана фанатизмди акыл жан эркиндик үчүн мыйзамдаштырууга аракет кылган согушкер секуляризм үчүн да күчүндө болушу керек.

Брюсселдеги кол салуулардан бир жумадан кийин француз журналы «Шарли Эбдо» суроо сураган англис тилиндеги бир макаланы жарыялады : «Биз бул жерге кандай келдик?». Макалада кол салуулардын абдан чоң муз тоосунун бир гана көрүнгөн жүзү экенин; узун убакыттан бери кыймылда болгон жана мүмкүн болгон эң кенен өлчөмдө жүргүзүлгөн коркутуу жана зомбулук менен сиңдирүү процессинин акыркы баскычы экени айтылууда.

Андан кийин журнал өз суроосуна үч кишини күнөөлөө менен жооп берген : француз мусулман аалым Тарик Рамадан, жамынган бир мусулман аял жана чочко сатууну четке каккан мусулман бир нан бышыруучу. Журналдын бул суроого кандай жооп бергени согушкер цекуляризмдин табиятындагы жек көрүү жана согуш жарыялоо тууралуу көптөгөн нерсени ачыкка чыгарууда. «Шарли Эбдо» динге каршы ахлаксыздыктары менен да таанылат. Бирок журнал бул кол салууларды бир сын катары да сунуштап жатат. Иудаизм, христиандык жана ислам аркылуу чыгарган жарашыксыз карикатуралардын логикага ылайык аргументтер жана так сындарга таянганын айтууда. Журналдын жаңы башкы макаласы булардын баарын ашып өтүп, мусулмандарга каршы фанатизмде эң төмөнкү деңгээлге жетип жатат. Картаң континентте жаман болгон бардык нерсенин күнөөсүн мусулмандардын Европа коомунда жашоосуна жүктөп жатат.

«Шарли Эбдонун» согушкер цекуляризминин фанатизмди сынга алганын ойлоп жатып жасаган жаңылыштыгы бул : мусулмандарды бир тарапка таштап жана бардык мусулмандарды жана динге ишенген кишилердин баарын «Шарли Эбдо» жана досторунун жакшы кишилерине каршы жаман кишилер категориясында чогултуусу.

Бүткүл дүйнөдөгү 1, 5 миллиард мусулмандар тарабынан четке кагылган зомбулуктун жактоочусу кишилердин арасында ахлактык жана логикалуулук айырмачылыкты ортого чыгаруунун ордуна бардык мусулмандарга радикализм жана экстремизм айыпкерлери катары мамиле кылууда.

Тарик Рамадандын башын жапкан мусулман бир аял менен көчөнүн ылдый жагындагы мусулман нан бышыргычты тандап алуусу жөн гана эмес жана согушкер цекуляризмдин мусулмандарды зомбулук менен толгон экстремизм жана терроризм менен канчалык өлчөмдө жооптуу көргөнүн көрсөтүүдө.

Рамадан бир мусулман жана европалык катары эки дүйнө тууралуу да мактоого ылайык маалыматтарга ээ киши катары, мусулман бир аял жана нан бышыргыч менен Европада, Америкада мыйзамдарга ылайык келүү жана көп сандаган башка мусулмандар менен байланыштыруудан сыймыктанат деп ойлойм. Биз да сыймыктанабыз. Бирок бардык бул мүнөздөрү бизге «Шарли Эбдонун» бардык мусулмандардын Европада жашоосуна каршы экенин көрсөтүүдө, кудум мындай четке кагуучу бир ырастоону Европа маданиятына жана коомдук тармакка жайа ала тургансып. Мындан журналдын европалык бир мусулман интеллектуалдын, жөнөкөй мусулман бир аялдын жана жөндөмдүү мусулман бир нан бышыргычтын өнүгүүсүнөн корккону көрүнүүдө.

«Шарли Эбдо» муну жазасыз айта аларына ишенүүдө, себеби согушкер цекуляризм акыйкаттык боюнча гегомония курууда жана рационалдуулук менен акылдын өзү белгилеген түрүн чыныгы маалымат жана эрдемге барган бир гана жол катары сунуштап жатат. Андай болсо бул абал ДЕАШ, Аль Каида, Ку-клукс-клан же нео фашисттердин четке кагуучу кыймылдарынан айырмасы эмне?

Өзүн туура деп чыгарууга аракет кылган согушкер цекуляризм өзүн диндин тышында, дүйнөлүк бир дин катары аныктап жана баш ийүүчүлүктү талап кылууда. Башкасын рационализм, алдыга жылуу жана эркиндик үчүн шайтандаштырып жатат. Баарына жана бардык нерсеге кол салуу үчүн жек көрүү сөзүн эркиндик катары көрсөтүүдө. Исламды жашап калган акыркы дин катары көрөт жана аёсуз түрдө кол салууда. Башкаларын өз динине кайтара албаган учурда баарын акылсыз жана зомбулукчу деп жарыялап, күнөөлөөдө.

Согушкер цекуляризмдин жаңылуусу заманбап зомбулуктун диний пикирлерден башка цекуляр, улутчул идеологиялардын жыйынтыгы катары пайда болгон чындыгы менен дагы да ачыкка чыгууда. Үй – бүлө ичиндеги зомбулук жана АКШда мектептерде болуп жаткан куралдуу кол салуулар жыл сайын таң калтыруучу абалга жетип жатат жана эч биринин дин менен байланышы жок. 20 – кылымдын башталышынан бери улутчулдук, уруучулдук, социализм жана коммунизмдин жалгыз өзүнүн дин менен эч кандай байланышы жок, Европада, Африкада жана Азияда он миллиондогон киши каза болгон кандуу согуштарга жол ачты. Бул идеологиялар кудайдын ордуна элди коюп өздөрүн дин менен алмаштырышты, ошондой эле пролетариятты диндин ордуна, коммунист мамлекетти да чиркөө же монархиянын ордуна коюп динди алмаштырышты. Заманбап зомбулуктун заманбап коомдордо өзүнө ашыкча орток жана тынчтыкты бузуу үчүн динге муктаждыгы жок.

Мусулмандарга каршы сезимталдуулук логикалуу талаш – тартыштан башка мусулмандарды ишеничтери жана маданияттарынын негизинде кылмышкер катары көрсөтүүдө. Кийинки кол салууга бөгөт болуу үчүн улутчулдук тууралуу кандай талкуу жүргүзүүгө мажбур болсок, баары сыяктуу негизги адам укуктарына жана мекендештик эркиндиктерине ээ болгон мусулман киши жана коомдордун да укуктарын коргоо үчүн исламофобия жана мусулмандарга каршы фанатизм тууралуу сүйлөшүүгө мажбурбуз. «Шарли Эбдо» нацист катары аныкталууну каалабастан нацисттиктин жамандыктарын кайталады. Журнал 1930 - жылдарда билип туруп же билбестен Германияда ушуга окшогон бир чөйрө жараткан. Баарыбыз анти - семитизм атмосферанын эмнеге жол ачканын билебиз.

ДЕАШ, Аль Каида жана ушуга окшогон уюмдардын жасаган кол салуулары принциптин негизинде четке кагылууга мажбур. Бирок ошол эле мажбурдуулук расизм жана фанатизмди акыл жан эркиндик үчүн мыйзамдаштырууга аракет кылган согушкер секуляризм үчүн да күчүндө болушу керек.



Тектеш кабарлар