Артка кайтарып алуу келишими эртең күчүнө кирет

Түркияга канча баш калкалоочу кайтарылса ошончо баш калкалоочу Европа Биримдиги өлкөлөрүнө Түркиядан жөнөтүлөт.

463618
Артка кайтарып алуу келишими эртең күчүнө кирет

Европа Биримдиги менен Түркиянын ортосунда баш калкалоочулардын өтүүсүн жөнгө салган келишим эртең күчүнө кирет.

Артка кайтарып алуулардын алдында акыркы деталдар сүйлөшүлгөн, Ички иштер министрилиги уюштурган Көч жыйналышы Мугланын Бодрум районунда өткөрүлдү.

Жыйналышка Измир, Маниса, Мугла, Балыкесир, Айдын жана Чанаккале облустарынын жогорку жетекчилери катышты.

Ички иштер министри Эфкан Ала, артка кайтарып алуу борборлору курулган жээктеги райондордо даярдыктар дээрлик аяктаганын айтты.

Эфкан Ала, артка кайтарып алууларда алгачкы этапта 400 кишинин Грециядан Түркияга кайтарыла турганын, ошондой эле санда баш калкалоочунун да Европа Биримдиги өлкөлөрүнө жөнөтүлө турганын белгиледи.

Артка кайтарып алуулардын Түркиянын Европа Биримдиги менен учурда жүргүзүп жаткан виза эркиндиги диалогуна олуттуу салым кошо турганын сөз кылган Ала, айрыкча бара-бара бардык адамзат, бардыгбыздын жүрөгүн өйүгөн, бизге терең таасир тийгизген Эгей жана Жер Ортолук деңиздерде туш болгон адамзат трагедиясына жана мыйзамсыз көчүүгө бөгөт коюга да маанилүү салым кошо турганын айтты.



Тектеш кабарлар