Медуса археологиялык музейи

2 -3 - кылымдан калган мазардан чыгарылган колдо жасалган айнек шуру, билеклик жана шакектер кызыктырууда

462297
Медуса археологиялык музейи

Газиантепте Медуса археологиялык айнектен жасалган чыгармалар музейинде көргөзмөгө коюлган 2 -3 - кылымдан калган мазардан чыгарылган колдо жасалган айнек шуру, билеклик жана шакектер көз уялтат.

Газиантептеги тарыхый Антеп чебинин жакындарында үч эски Антеп үйүнүн рестоврациясы менен түзүлгөн Медуса археологиялык айнектен жааслган чыгармалар музейинде айнектен жасалган чыгармалар менен алтын, коло, күмүш жана чоподон жасалган буюмдар жана Рим, Византия, ислам мезгилдерине таандык 7 миң чыгарма бар.

Айнектен жасалган буюмдар музейинин жооптуусу археолог Гөкхан Көсе бул жердеги чыгармалардын 20 жылдык эмгектин акырында ортого чыгарылганын белгиледи.

Музейдин жылдык 25 миң зыяратчысынын бар экенин билдирген Көсе: «Бул жердеги айнектен жасалаган кооздук буюмдары көбүнчө мазардан чыгарылган. Ал мезгилдерде жашаган кишилер өлгөндөн кийин тирилип кайрадан жашай турганына ишенгендиктен зыйнат буюмдары менен кооздолуп көмүлчү»,- деди.



Тектеш кабарлар