Террорго карата жүргүзүлгөн операциялар

Мардиндин Нусайбин районунда террористтердин кол салуусу менен 2 аскер шейит болду

459645
Террорго карата жүргүзүлгөн операциялар

Мардиндин Нусайбин районунда террористтердин кол салуусунда 2 аскер шейит болду.

Коопсуздук күчтөрү жүргүзгөн операциянын негизинде террористтер мурунтадан жайгаштырган бомба жардырылды. Жардыруунун таасири менен пайда болгон көчтө 5 аскер да жараланды. Аймакта операция баштатылды.

Шанлыурфанын Сиверек районунда да аскердик унаа өтүп бара жатканда террористтер тарабынан мурунтадан жолго жайгаштырылган бомбанын жарылуусу менен 3 аскер жараланды.

Ошол эле учурда коопсуздук күчтөрү террордук уюмдарга карата операцияларын үзгүлтүксүз улантууда.

Газинатепте ДЕАШ мүчөсү Сирия тектүү 4 терроист жана бомба жайгаштырылган унаа менен кол салууну пландаган ПККлык 2 террорист кармалды.

Кахраманмарашта да террордук уюм ДЕАШка карата операцияларда камоого алынган Ирак тектүү 3 киши кармалды. Стамбулда болсо коомдук мекеме жана мекемелеге карата куралдуу кол салуунун жасалары билдирилип, 7 адреске жүргүзүлгөн операцияда 5 киши кармалып камоого алынды.



Тектеш кабарлар